Бишкекте жүргүнчүгө кол көтөргөн таксист жоопко тартылган жок

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТакси. Архив
Такси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүргүнчү менен таксисттин кайым айтышып жаткан учуру тартылган видео Facebook тармагына жарыяланган.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Жол киресин төлөбөй койду делген жүргүнчүнү бир муштап машинасына салып алып кеткен таксист азырынча жазага тартыла элек. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин Facebook тармагына жаңжалдын видеосу тарап кеткен.

"Свердлов РИИБине таксист менен жүргүнчү кайрылып, бир-бирине арыз жазган. Тергөөчү уруп-согуунун белгилерин аныктоо үчүн эки жакка тең сот-медициналык экспертиза дайындаган", — дешти милициядан.

Бишкек ШИИБден кабарлашкандай, арыз жазылгандан бери бир жума өтсө да жаңжалдын катышуучуларынын бири да медициналык кароого жана тергөөчүгө келбегендиктен иш токтотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0