Кылмыш иши папкасы. Архив

Футбол дарбазасы басып каза болгон бала. Милиция иш козгоду

264
(жаңыланган 10:47 23.06.2018)
Кырсык 13-июнь күнү кечинде менчик футбол аянтчалардын биринде болгон.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Ленин районунун ички иштер бөлүмү 11 жаштагы баланын футбол ойноп жатып каза болгон фактысы боюнча кылмыш ишин козгогонун Бишкек ШИИБ билдирди.

"Окуянын күбөлөрү суракка алынып, видеокамерадагы тасма иликтенгенден кийин чогулган материалдардын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 258-беренеси (коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөтүү) боюнча иш козголду. Ушу тапта тергөө иштери жүрүп жатат, тийиштүү экспертизанын баары дайындалды", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 13-июнь күнү болжол менен саат 19.30да Пишпек районунун аймагында жайгашкан жеке менчик футбол аянтчаларынын биринде дарбаза басып калган 11 жаштагы баланын каза тапканы белгилүү болгон.

Футболдук талаанын кызматкери Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ошол күнкү каргаша тууралуу айтып берип, видеосун көрсөткөн.

264
Белгилер:
дарбаза, футбол, ШИИБ, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекте кулап кеткен футбол дарбазасы башына тийген бала каза тапты
Бишкектин футбол талаасында көз жумган баланын соңку мүнөттөрү. Видео