Уурулар Ново-Павловка айылынын тургундарын чүнчүткөндө...

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи квартирных краж в Бишкеке
Случаи квартирных краж в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окурмандын айтымында, жергиликтүү тургундар балдарын үйгө жалгыз таштай албай коркушууда.

БИШКЕК, 22-июн. —Sputnik. Чүй облусуна караштуу Ново-Павловка айылынын тургундары үйлөргө ууру кирип жатканын айтып, кабатыр болушууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окурман WhatsApp каналы аркылуу эскертүү баракчаларынын сүрөтүн жөнөттү.

Айылдын ар кайсы жерине илинген баракчада төмөнкүдөй текст жазылган: 

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуЭскертүү баракчалары
Листовки с предупреждением в селе Ново-Павловка - Sputnik Кыргызстан
Эскертүү баракчалары

"Көңүл буруңуздар! Биздин аймакта күнү-түнү үйлөргө ууру кирип жатат. Сак болгула! Орто бойлуу, азиат улутундагы кепка кийген киши байкалды. Милицияга кайрылгыла!".

Окурмандын айтымында, жергиликтүү тургундар балдарын үйгө жалгыз таштай албай коркушууда. Ал эми милиция түшкөн арыздарга реакция кылбай жатат.

Чүй ОИИББдин маалымат кызматы Ново-Павловка айылында үстүбүздөгү жылдын беш айынын ичинде 158 кылмыш катталганын, анын 93нүн бети ачылганын маалымдады.

"Катталган кылмыштардын төртөө боюнча 167-берененин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголду. Ал эми 164-беренеси (уурулук) менен 83 кылмыш иши козголуп, 27синин бети ачылды", — дешти милициядан.

Задержание подозреваемого - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги батирден тапанча, акча, зер буюмдарын уурдагандар кармалды. Сүрөт
Демек бүгүнкү күндө Чүй облусундагы Ново-Павловка айылында 53 уурулук фактысынын бети ачылбаган бойдон калууда. Буга байланыштуу аталган аймакка ОИИББдин 15 кызматкери жөнөтүлгөн. Алар маал-маалы менен айылга көз салып турат.

Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар өздөрү дагы атайын топ түзүп, кезектешип айылды кайтарып жатышат. Алар шектүү адамдарды байкаса укук коргоо органдарына кабарлай турганын айтышкан.

Чүй ОИИББ июнь айында уурулукка шектүү үч адамды кармаганын билдирди. Мындан тышкары, уурулук кылган дагы үч адамдын ким экендиги аныкталып, издөө жарыяланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0