Шабдан баатыр көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

© Sputnik / Нургуль МаксутоваРемонтко жабылган көчө. Архив
Ремонтко жабылган көчө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчө 14-июлда гана ачылат.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Жылуулук түтүктөрүн оңдоо максатында Шабдан баатыр көчөсүнүн 7-Апрелден тарта Буденный көчөсүнө чейинки бөлүгү жол кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу Капиталдык курулуш башкармалыгына таянуу менен мэрия билдирди.

Аталган көчө 23-июндан тарта жабык болуп, реконструкция иштери 14-июлга чейин созулмакчы.

Мэрия ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, айдоочуларга башка жолду алдын ала тандап алууну эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0