Ошто жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза тапкандар көбөйдү

© Фото / Зульфия ТургуноваПроверка сердечно-сосудистых болезней в Оше
Проверка сердечно-сосудистых болезней в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер элге жүрөк-кан тамыр илдеттерин алдын алуу боюнча акысыз кеп-кеңеш беришти.

ОШ, 22-июн. – Sputnik. Акыркы мезгилде Ош облусунун аймагында жүрөк-кан тамыр ооруларынан көз жумгандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын Кардиология бөлүмүнүн башчысы Сабыр Байматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу максатында Ош шаарындагы Алымбек Датка этнокомплексинде "Сергек жашоо жумалыгы боюнча гипертония күнү" деген аталышта акция өткөрүлдү.

© Фото / Зульфия ТургуноваЖүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу максатында Ош шаарындагы Алымбек Датка этнокомплексинде "Сергек жашоо жумалыгы боюнча гипертония күнү" деген аталышта акция өткөрүлдү.
Жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу максатында Ош шаарындагы Алымбек Датка этнокомплексинде Сергек жашоо жумалыгы боюнча гипертония күнү деген аталышта акция өткөрүлдү. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу максатында Ош шаарындагы Алымбек Датка этнокомплексинде "Сергек жашоо жумалыгы боюнча гипертония күнү" деген аталышта акция өткөрүлдү.
© Фото / Зульфия ТургуноваУчурда гипертония илдети жашарып барат, тагыраагы 25-30 жаштагы адамдар да ооруй баштады.
Учурда гипертония илдети жашарып барат, тагыраагы 25-30 жаштагы адамдар да ооруй баштады. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Учурда гипертония илдети жашарып барат, тагыраагы 25-30 жаштагы адамдар да ооруй баштады.
1/2
Жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу максатында Ош шаарындагы Алымбек Датка этнокомплексинде "Сергек жашоо жумалыгы боюнча гипертония күнү" деген аталышта акция өткөрүлдү.
2/2
Учурда гипертония илдети жашарып барат, тагыраагы 25-30 жаштагы адамдар да ооруй баштады.

"Иш-чара Саламаттыкты сактоо министрлигинин жүрөк ооруларына каршы күрөшүү боюнча жарыяланган бир айлык акциясынын алкагында уюштурулду. Анда облустук оорукананын Кардиология бөлүмүнүн дарыгерлери илдетти алдын алуу боюнча жарандарга акысыз кеп кеңештерин беришти", — деди Байматов.

Ал белгилегендей, учурда гипертония илдети жашарып барат, тагыраагы 25-30 жаштагы адамдар да ооруй баштады.

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын 3-бөлүмүнүн башчысы Канат Исаков - Sputnik Кыргызстан
Радио
Исаков: менингит оорусу ар 8-9 жылда кайталанып турат
"Бейтаптарды акысыз дарылоого мамлекеттин каражаты жетишпейт. Ал эми менчик клиникаларда болсо жүрөк ооруга чалдыккан адамды дарылоого кеминде 7 миң доллар керектелет. Ошондуктан калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ооруну алдын алуу, илдет менен күрөшкөнгө караганда натыйжалуу. Бул акция жыл сайын салт катары өткөрүлүп келет", — деди Байматов.

Иш-чара сентябрь айында "Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүндө" улантылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0