Университет, академияларды таппай жатасызбы? Өлкөдөгү ЖОЖдордун даректери

© AFP / STEPHANE DE SAKUTINЭкзамен тапшырып жаткан абитуриент. Архив
Экзамен тапшырып жаткан абитуриент. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдөгү мектептерде окуу жылы аяктап, бүтүрүүчүлөр университет, институт, академияга тапшырууга кадам таштап жаткан учур. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги республика аймагында жогорку окуу жайлардын байланыш телефонун, даректерин тизмектеп берүүнү эп көрдү.

Быйыл 59 миңден ашык окуучу 11-классты бүтүрдү. Аларды 2018-19-окуу жылдарына республика аймагындагы 60тан ашык жогорку окуу жай жана 100гө жакын кесиптик лицей кабыл алат.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, республика аймагындагы ЖОЖдор 40 миңдей абитуриентти кабыл алууга даяр.

Кошумчалай кетсек, бул жылы жалпы республикалык тестке 45 607 адам катышты. Анын ичинен 26 миң 180 окуучу же бүтүрүүчүлөрдүн 57 пайызы гана 110 баллдык көрсөткүчтөн өтө алган.

Баса, буга чейин мектеп уясынан жаңы учуп чыгып абитуриент деген макамга ээ болгондор үчүн атайын "Болбойт" рубрикасын арнаганбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0