Кыргызстанда даават үчүн кимдер айыпка тартылышы мүмкүн? ИИМдин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековЦентральная мечеть имени Ибрахим ажы в городе Каракол
Центральная мечеть имени Ибрахим ажы в городе Каракол - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2017-жылы Кыргызстанда мыйзамсыз дааватка чыккан 118 факты аныкталган.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Былтыр өлкө аймагы боюнча мыйзамсыз дааватка чыккан 11 факты аныкталганын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, дааваттын бардыгы Кыргызстанда тыюу салынган "Йакын инкар" экстремисттик кыймылы тарабынан жүргүзүлгөн.

"118 фактынын ичинен 4 факты боюнча кылмыш иши козголгон. Эгер дааватка чыккандардын жанынан тыюу салынган экстремисттик адабияттар табылса кылмыш иши козголот. Андан сырткары, 2017-жылы өлкө аймагында тыюу салынган "Йакын Инкар" экстремисттик кыймылынын 403 миссионери кармалган. Анын 289у административдик жоопкерчиликке тартылып, 245и ички иштер органдарынын каттоосуна алынган", — деп айтылат маалыматта.

Член Совета улемов республики теолог Кадыр Маликов - Sputnik Кыргызстан
Маликов: сүннөттөр менен шииттердин пикир келишпестиги Кыргызстанга өтө баштады
Ал эми жыл башынан бери алты айдын ичинде ИИМ тарабынан тыюу салынган "Йакын Инкар" кыймылынын тарапташтарына карата 54 кылмыш иши козголгон. 46 миссионер КР Административдик кодексинин 395-беренеси "Диний бирикмелер жөнүндө мыйзамды бузуу" боюнча административдик жоопкерчиликке тартылган.

Бүгүнкү күнү өлкө аймагында дааватка чыгам дегендер КР Мусулмандар дин башкармалыгынан атайын уруксат алышат. Андан кийин райондук милицияга каттоого турат. Жалпы дааватчыларды дин иштери боюнча комиссиясы көзөмөлдөп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0