Казакстанда Кыргызстандан барган колбаса менен сырдан зыяндуу заттар табылды

© AFP / JOHN MACDOUGALLВитринадагы колбаса. Архив
Витринадагы колбаса. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын Коомдун ден соолугун коргоо комитети аталган азык-түлүктөрдү чогултуп алып, өлкө аймагы боюнча лабораториялык көзөмөлдү күчөтүп жатат.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Казакстандын дүкөндөрүндө ден соолукка зыяндуу азык-түлүктөр табылды. Алар кыргызстандык фирмаларда даярдалганын Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты. 

Коңшу өлкөнүн Коомдун ден соолугун коргоо комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстандан барган колбаса, сыр жана балмуздактан заянкеч бактериялар аныкталган.

"РИХА" компаниясынын "Испанская" колбасасынан жана "Эмилия" ЖЧКсынын "Голландия сырынан " ичеги ооруларын алып келчү бактериялар табылды. Ал эми "Умут и Ко" ишканасы өндүргөн "День и Ночь" балмуздагында стафилококк бар экени аныкталды", — деп жазылат макалада.

Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Формальдегид деген эмне, ал КРде тигилген кийимдерде барбы? Дарыгер менен маек
Заянкечтер табылган азык-түлүктүн бардыгы Бажы биримдигинин техникалык регламентиндеги шарттарды бузуп жатканы айтылды.

Учурда Казакстандын Коомдун ден соолугун коргоо комитети аталган азык-түлүктөрдү чогултуп алып, өлкө аймагы боюнча лабораториялык көзөмөлдү күчөтүп жатат.

Маалыматка караганда, Казакстан Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине ден соолукка зыяндуу тамаш-ашты өндүргөн ишканаларды көзөмөлгө алууну сунуштаган кат жолдоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0