Аксыда эки мугалимдин өлүмүнө забын болгон милиционер 8 жылга кесилди

Жазылуу
Мындан төрт ай мурда милиция кызматкери унаасы менен төрт мугалимди сүзүп алган

ЖАЛАЛ-АБАД, 23-июн. – Sputnik. Аксы районунда эки мугалимдин өлүмүнө забын болгон милиционерди райондук сот сегиз жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунан билдиришти. 

Эстеликтеги гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аксыда каза болгон 30 жаштагы эки мугалимдин артында төрт бала калды
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-февраль күнү Кербен шаарында милиция кызматкери башкарып бараткан унаа жолдон тайгаланып, төрт мугалим аялды коюп кеткен. Алардын экөө жан таслим болуп, дагы экөө ооруканага жатып чыккан. Айдоочунун мас абалда эместиги аныкталган. Бул факты боюнча 281-берене мене кылмыш иши козголуп, ал эки айга тергөө абагына киргизилген болчу. 

Кырсыктын кесепетинен каза болгон 30 жаштагы Гүлазым Сармырзаева кыргыз тили жана адабияты предметинен мугалим болгон. Артында беш жаштагы кызы жана үч жашар уулу калды. 

Набыт болгон экинчи мугалим 35 жаштагы Айчүрөк Исманова информатика сабагынан окутчу. Артында жети жаштагы уулу менен төрт жаштагы кызы калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0