Бишкекте беш айдын ичинде мыйзамсыз курулган 1415 объект алып салынды

Жазылуу
Курулуштардын баары өзүмбилемдик менен тургузулган.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Мэриянын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы быйылкы жылдын беш айында Бишкекте 1415 объект алып салынганын муниципалитет билдирди.

Маалыматка ылайык, анын 821и — жеңил конструкциядагы курулуш болсо, 57си — капиталдык курулуш объектилери, 603ү — жарнамалык конструкция болгон.

Өзүмбилемдик менен салынган объектилерди түрттүрүү, жерди бошотуу иштерин мэриянын аталган башкармалыгы жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0