Ысык-Көлдө ажыга барам деген 87 киши эмдөөдөн өттү

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүРабота мобильных прививочных пунктов в Москве
Работа мобильных прививочных пунктов в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн бардык аймагында зыяратчыларды эмдөө жүрүп жатат.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Каракол шаардык эмдөө борборунда ажыга бара турчулардын бардыгы — 87 киши эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, эмдөөгө чейин жарандар медициналык кароодон өткөн.

"Ысык-Көл облусу боюнча быйыл 87 жаран каттоодон өтүп, алардын бардыгы вакцина алды. Ошондой эле болочок ажыларды жетектеп баруучу ажы башчылар дагы атайын медициналык кароодон өтүштү", — деп айтылат маалыматта.

Быйыл Сауд Аравиясы Кыргызстан үчүн 5400 квота бөлгөн. Ал эми муфтият ажылыктын баасы 2890 долларды түзгөнүн билдирген.

Зыяратчыларды Flaynas авиакомпаниясы ташыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0