Первая леди Кыргызстана Айгуль Токоева

Раиса Атамбаеванын туулган күнүнө Жээнбековдун жубайы Айгүл Токоева келди

6920
(жаңыланган 11:32 26.06.2018)
Экс-президенттин жубайы 23-июнда 60 жашка толду.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеванын 60 жылдык мааракесине учурдагы биринчи айым Айгүл Токоева да келген коноктордун катарында болгонун КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина билдирди.

Ал айрым ЖМКлар белгилүү ишкер Аскар Салымбековдун уулунун тоюнда франциялык Ottawan дуэти менен "Ялла" тобунун солисти Фарух Закиров ырдаганы тууралуу жазып чыгышканын белгиледи. 

Пост депутата от фракции СДПК Ирины Карамушкиной в Facebook
© Facebook
Пост депутата от фракции СДПК Ирины Карамушкиной в Facebook

"23-июнда ушул эле аткаруучулар Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеванын туулган күнүндө ырдашты. Баса, мааракеге президент Сооронбай Жээнбековдун жубайы Айгүл Токоева да келди. Экөө бир столдо кадимкидей эле сүйлөшүп отурушту", — деп жазды Карамушкина Facebook баракчасына. 

Буга чейин саясатчылардын жубайлайры эмне менен алек экенин тизмектеп чыкканбыз.

6920
Белгилер:
Раиса Атамбаева, туулган күн
Тема боюнча
Ата-энеси, балдары жана жубайы... Мухаммедкалый Абулгазиев тууралуу 7 факты
Фотофакт: Жээнбеков менен Атамбаевдин жубайлары 8-мартка арналган концертте
Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова. Архив

Айсулуу Тыныбекова көпчүлүк көрө элек сүрөттөрүн жарыялады

50
Сүрөткө Айсулуу күздүн күнү түркүн түскө боелгон кайың токойдон түшкөн. Спортчунун менеджери бул кадрлар эл назарына алгачкы ирет чыгарылып жатканын билдирди.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова Facebook социалдык тармагы аркылуу кырызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, улуттук кийим кийген сүрөттөрүн жарыялады.

"Баарыңыздарды бүгүнкү Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм."Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун" дегендей, кыргыз тилинин тарыхы — бул биздин элибиздин тарыхы. Бүгүнкү күндө тил маселеси  мамлекетибиздин негизги багыттарынан болуп эсептелет. Келгиле достор, кыргыз тилинде сүйлөшүп эне тилди өнүктүрөлү!" — деп жазды спортчу кыз.
Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Tynybekova Aisuluu (@tynybekova.aisuluu)

Сүрөткө Айсулуу күздүн күнү түркүн түскө боелгон кайың токойдун ичинен түшкөн. Спортчунун менеджери бул кадрлар эл назарына алгачкы ирет чыгарылып жатканын билдирди.

Тыныбекованын постуна бир нече мүнөт ичинде жүздөгөн колдонуучулар "лайк" басып, комментарийлерди жазып жатышат.

50
Белгилер:
Айсулуу Тыныбекова, пост, сүрөт, майрам, куттуктоо
Тема боюнча
Эч кандай акция уюштурган жокмун! Тыныбекова фейк аккаунт ачылганын айтты
Камкордук керек. Жапаров элди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады
Крандан суу алып жаткан кыз. Архив

30-сентябрда Бишкектин чок ортосунда бир күн бою суу токтотулат. Карта

22
Бир аптадан кийин суу тосмону оңдоо пландалууда. Бишкек шаарынын бийлиги бул ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда 30-сентябрда эртең мененки саат 09:00дөн кечки саат 21:00гө чейин таза суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Суу "Тоголок Молдо" тосмосунда жүргүзүлүүчү оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

Ошондой эле Панфилов, Фрунзе, Манас проспекти жана темир жол линиясы менен чектелген аймактарда дагы болбойт.

Шаар бийлиги убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, аталган аймакта жашаган тургундарды жана мекеме-ишканаларды ичүүчү сууну камдап алууга чакырат.

22
Белгилер:
Бишкек, таза суу, өчүрүү, оңдоо, карта
Тема боюнча
Суук эрте түшөбү? Октябрь айына карата аба ырайы