Кыргызстандык окуучулар астрономия жана физика олимпиадасынан үч медаль утту

© Фото / сайт Министерства народного образования республики УзбекистанКыргызстандык үч окуучу Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Мирзо Улугбек атындагы эл аралык олимпиададан үч медаль утушту
Кыргызстандык үч окуучу Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Мирзо Улугбек атындагы эл аралык олимпиададан үч медаль утушту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык олимпиадага жети мамлекеттин окуучулары катышкан.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Кыргызстандык үч окуучу Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Мирзо Улугбек атындагы эл аралык олимпиададан үч медаль утушту. Бул туурасында коңшу өлкөнүн Элдик билим берүү министрлигинин сайтында маалымдалат.

© Фото / сайт Министерства народного образования республики УзбекистанКыргызстандык үч окуучу Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Мирзо Улугбек атындагы эл аралык олимпиададан үч медаль утушту
Кыргызстандык үч окуучу Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Мирзо Улугбек атындагы эл аралык олимпиададан үч медаль утушту - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кыргызстандык үч окуучу Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Мирзо Улугбек атындагы эл аралык олимпиададан үч медаль утушту
© Фото / сайт Министерства народного образования республики УзбекистанАнда Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Россия, Беларусия, Япония жана Түркмөнстандан барган 10-11 класстын 45 окуучусу күч сынашкан.
Анда Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Россия, Беларусия, Япония жана Түркмөнстандан барган 10-11 класстын 45 окуучусу күч сынашкан. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Анда Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Россия, Беларусия, Япония жана Түркмөнстандан барган 10-11 класстын 45 окуучусу күч сынашкан.
1/2
Кыргызстандык үч окуучу Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Мирзо Улугбек атындагы эл аралык олимпиададан үч медаль утушту
2/2
Анда Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Россия, Беларусия, Япония жана Түркмөнстандан барган 10-11 класстын 45 окуучусу күч сынашкан.

Аталган олимпиада астрономия жана физика сабактары боюнча 19-23-июнь күндөрү болуп өттү. Анда Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Россия, Белоруссия, Япония жана Түркмөнстандан барган 10-11-класстын 45 окуучусу күч сынашкан.

Астрономиядан Бишкектеги №61 Автордук физика-математикалык мектеп-лицейи окуу комплексинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Ырыскелди Анарбеков алтын медалга ээ болгон.

Экзамен тапшырып жаткан абитуриент. Архив - Sputnik Кыргызстан
Университет, академияларды таппай жатасызбы? Өлкөдөгү ЖОЖдордун даректери
Ал эми физикадан Хусейин Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинде 10-класста окуган Тимур Тынычбеков күмүш, Аксы районунун Жоробек Маматбеков атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Эрназар Сыдыков коло медаль утуп кайткан. Жалпы жонунан Кыргызстандан 6 окуучу катышкан.

Олимпиада өзбекстандык белгилүү окумуштуу Мирзо Улугбектин атынан негизделип, быйыл биринчи жолу өтүп жатат. Бул президент Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен уюштуруулуда. Мындан ары 10-11-класстар арасында ар эки жыл сайын өтүп турмакчы. Алдыңкы орунду ээлегендерге медаль жана атайын белектерден сырткары, Өзбекстандын жогорку окуу жайларында окууга жеңилдиктер берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0