Ичип-жегендер куссун! Депутаттар тышкы карыздан кутулуу үчүн акча берүүгө даярбы

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүЗаседание президиума правительства РФ
Заседание президиума правительства РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
14-апрель күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте сүйлөп жатып депутаттар жана коомчулук тарабынан өкмөткө каалагандардын жардам кылуусу үчүн атайын эсеп ачуу сунушу түшүп жатканын билдирген.

Эл өкүлү Камчыбек Жолдошбаев кесиптештерин акча чогулталы деп үндөп, өзү Кытайга болгон карыздан кутулуу үчүн бир миллион сом берүүгө даяр экенин жар салган.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги парламент депутаттары эсеп ачылса каражат салууга кандай көз карашта экенин билип көрдү.

Жылдыз Мусабекова: айрымдар премьер-министрдин сөзүн туура эмес түшүнүп алып "эмне себептен акча беришибиз керек?" деп жатышат. Чындыгында эч ким эч кимди мажбурлаган жок. Каалагандар болсо жардам берет, болбосо эч кандай маселе жок. Мен мурда деле өз үй-бүлөмдүн каражатынан муктаж болгондорго жардам берип жүргөм. Мындай эсеп ачылып калса, эч ойлонбой туруп колдон келген каражатымды салам. Суммасын азыр айта албайм. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жылдыз Мусабекова
Депутат Жылдыз Мусабекова - Sputnik Кыргызстан
Депутат Жылдыз Мусабекова

Тазабек Икрамов: мен айрымдардай болуп чириген бай эмесмин, бирок эсеп ачылса сөзсүз каражат кошом. Муну элге туура түшүндүрүшүбүз керек, мамлекеткек аалоосу барлар гана жардам берет. Колдон келсе, чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештер дагы кайрымдуулук кылса болот. 

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Тазабек Икрамов
Депутат ЖК Тазабек Икрамов - Sputnik Кыргызстан
Депутат ЖК Тазабек Икрамов

Исхак Масалиев: азыркыдай коррупция жоюлбай турган кезде, эсеп ачып, акча чогултабыз дегенибизди эл туура түшүнбөйт. Алгач элдин ырыскысын жеп жаткан ууруларды кармап, жазага тартып, ичкен-жегенин кустуруп алып, анан мындай иштерди баштасак жарашат. Ошондой эле жардам бергиси келип жаткандар болсо, ЖМКлар аркылуу элдин баарына жар салып, атайын эсеп ачтырбай эле Финансы министрлигине которуп коюшсун. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК Исхак Масалиев
Депутат ЖК Исхак Масалиев  - Sputnik Кыргызстан
Депутат ЖК Исхак Масалиев

Улугбек Ормонов: бул сыяктуу кампаниялар таптакыр башкача жол менен, башкача кырдаалда ишке ашырылат. Мисалы, өлкө банкротко учурап, өзү эч нерсени төлөй албай калганда жалпы улуттук акция катары өткөрүлүшү зарыл. Алгач казынага кол салгандарды төлөтүш керек. Албетте өкмөткө жардам берүүгө зарылдык түзүлүп калса, мен салым кошом. Бирок мынча же тигинче берем деп айтуу популисттик болуп калат. 

© Фото / пресс-служба ЖКДепутат ЖК от фракции "Бир бол" Улукбек Ормонов
Депутат ЖК от фракции Бир бол Улукбек Ормонов - Sputnik Кыргызстан
Депутат ЖК от фракции "Бир бол" Улукбек Ормонов

Улан Примов: коом атайын эсеп ачуу боюнча сунушту ар кандай ракурста талкуулап жатат. Бирок мен жана көпчүлүк кесиптештерим бул демилгени колдоого алабыз. Эсеп ачылса, каражат бөлөм. Колунда бар адамдардын баары эле бул акцияны колдойт деп ойлойм. 

© Sputnik / Максат ЭлебесовДепутат ЖК Улан Примов
Депутат ЖК Улан Примов - Sputnik Кыргызстан
Депутат ЖК Улан Примов

Мирлан Жээнчороев: бул же тиги сумманы берем деп өзүмө ишенимдүү айткыдай эч бир бизнесим жок. Ооба, дүйнөлүк практикада мындай мисалдар бар, Корея менен Япониянын эли согуштан кийин мамлекетке ар кандай баалуу буюмдарын өткөрүп берген. Кудай сактасын, бирок ушул сыяктуу кырдаал түзүлүп калса, айлыгымдын бир бөлүгүн берем. Анда да атайын эсепке салуу үчүн эмес, кандайдар бир социалдык объектилерди куруу максатында болсо бөлөм. Сунуш айтылгандан кийин бизнес коомчулугу жардам бергиси келип жатса керек, бирок ишкерлер өлкөнү азыркыдай абалга алып келген туура эмес менеджмент же жетекчилердин айынан каражат бөлүүгө милдеттүү болбошу керек. Экинчиден, Акаев менен Бакиевди кармап, өлкөгө алып келип, мүлкүн толугу менен тартып алуу демилгеси көтөрүлсө, айлыгымды толугу менен берүүгө даярмын. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жеенчороев Мирлан Канатбекович
Депутат Жеенчороев Мирлан Канатбекович - Sputnik Кыргызстан
Депутат Жеенчороев Мирлан Канатбекович

Жаңылыктар түрмөгү
0