Бишкек дүйнөдө чет элдиктер үчүн эң арзан шаар болуп калды. Рейтинг

© Sputnik / Акылбек БатырбековПраздничный концерт в честь Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке
Праздничный концерт в честь Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтингдин авторлору дүйнөнүн 209 шаарында чет элдиктер канча акчага жашай аларын аныктап чыкты.

БИШКЕК, 27-июн — Sputnik. Mercer деп аталган аналитикалык компания чет элдик адистер жашап иштеген кымбат деген шаарлардын рейтингин айтты. Тизме компаниянын сайтына жарыяланды.

Аномальная жара в Австралии - Sputnik Кыргызстан
Бул 11 өлкөгө быйыл жайда барбай эле койгонуңуз оң. Эксперттер себебин айтышты
Рейтингдин авторлору дүйнөнүн 209 шаарында чет элдиктер канча акчага жашай аларын аныктап чыккан. Ага турак үйдүн, тамак-аштын, транспорттун, кийим-кеченин, тиричилик буюм, андан сырткары, көңүл ачып, эс алуунун баасы кирди. Буларга валютанын өзгөрүп турушу жана инфляциянын деңгээли тууралуу маалыматтар кошулду.

Рейтингге караганда, эң кымбат шаар — Гонконг болуп чыкты. Азиядагы бул калааны тизменин башына турак-жайдын баасы алып чыккан. Батирдин киреси 7,5 миң доллардын тегерегинде экени белгилүү болду.

Экинчи орунда Япония борбору — Токио, үчүнчү орунда финансы жана банк иштери боюнча дүйнөлүк борбор болгон Цюрих (Швейцария) турат дешти. Андан кийин Сингапур турса, ал эми бешинчи орунга Сеул (Түштүк Корея) чыкты.

​Ондуктун ичине Шанхай, Пекин, Берн жана Африка континентинин эки калаасы Луанда (Ангола) жана Нджамена (Чад) кирген.

Ал эми Бишкек чет элдиктер үчүн эң арзан болгон шаарлардын катарынан орун алды. Тизмеге кирген 209 шаардын ичинен Кыргызстандын борбору 207-орунга чыккан. Эң арзан делген шаар Тунис (208) жана Ташкент (209) деп табылды. Адистердин пикиринде, бул аймактарда турак жайдын киреси жана тамак-аш кыйла арзан.

Жаңылыктар түрмөгү
0