Балыкчыда ата-энелер бала бакчанын азыгына нааразы. Тамактын видеосу

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРабота детского сада №406 в Москве
Работа детского сада №406 в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбө бакчада табактын түбүнө эле куюлган "эти жок, супсак" делген тамактарды видеого тартып жиберген.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы №9 "Бакыт" бала бакчасында наристелер тое тамак жебей жатышат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ата-энелердин бири 

даттанып, балдар жеп жаткан тамактардын видеосун жөнөткөн. 

"Бул бакчага менин эки неберем барат. Дайыма эле "курсагым ачты, тойбой жатам" деп келишчү. "Көрүп келейинчи" деп барсам балдарга табактын түбүнө эле куюлган күрүч шорпо берилип жатыптыр. Анысынын да эти жок, нан дагы таратылбаптыр. Кирип барсам эки-үчөөнө бере калышып "башкалары жеп койду" деп актанышты. Экинчи күнү дагы барып көрсөм түшкү тамактары супсак эптеп-септеп эле экен. Жетекчиге барып кайрылсам баары жакшы эле деп жылмалап койду, завхозу болсо "сага эмне керек" деп айламды кетирди", — деди Намазалиева.

Аталган бала бакчанын жетекчиси Анара Айдаракунова тамактар ата-эне төлөгөн акчага ылайыкталып жасаларын айтты.

Мектеп ашканасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окуучуну 7 сомго тойгузса болобу? ЖК каржылоону көбөйтүүгө аракет кылууда
"Балыкчыда жалпы 10 мамлекеттик бала бакча бар. Алардын баарында ата-энелер балдарына айына 650 сомдон төлөйт. Бул каражат наристелердин тамак-ашына жумшалып, бир балага бир күндө 32 сом 50 тыйындан айланып калат. Эртең мененкисин ботко, сүт чай, май сүйкөлгөн наны менен, түшкүгө биринчи, экинчиси менен тамак берилет. Анын бири эт менен, экинчиси эти жок эле болот. Балдарга уктап турганда, бакчадан кетээрде да жеңил тамактар берилет. Намазалиевадан башка тамакка нааразы болуп кайрылган деле ата-эне болгон жок. Болгону ал бакчага акчасын төлөй албай калган үчүн ушундай ызы-чуу көтөрүп жатат", — деди Айдаракунова.

Бакча жетекчиси Намазалиеванын арызынан кийин аталган жайга үч жолу текшерүү келип, баары жайында экенине күбө болгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0