Казакстандык блогер өз өлкөсүнүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди

Жазылуу
Тунгишбаев Казакстанда экстремисттик уюмду каржылаган деп айыпталып келет.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Казакстандык блогер Мурат Тунгишбаев мекенине экстрадицияланды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Тунгишбаев Казакстандын укук коргоо органдарына 26-июнь күнү өткөрүлүп берилген.

Эске салсак, Тунгишбаев тартип сакчылар тарабынан 10-июнь күнү кармалган. Ал Казакстанда экстремисттик деп саналган кылмыштуу топту каржылаган жана уюмдун ишин өркүндөтүүгө катышкан деп айыпталып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0