ИИМ: 6 жашар секелекти кордогон өспүрүм ооруканада

Жазылуу
Бала 13 жашта, ал эми Кылмыш жаза кодексинде 14 жаштан тарта жазалоо каралган.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Кичинекей кызды кордогон өспүрүм бала Саламаттык сактоо министрлигинин балдар психиатриялык ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу ички иштер министрлиги кабарлады.

Буга чейин Чүй облусунда 13 жаштагы бала секелек кызды кордоп, натыйжада ал катуу жаракат алып ооруканага түшкөнү маалымдалган.

Милиция ушу тапта соттук экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатат.

Өспүрүм кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өгөй атасы сабаган эгиз кыздардын бири майып болчу. Бүлөнүн дайын-дареги айтылды
Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү өспүрүм I топтогу майып экенин, Психикалык саламаттык боюнча республикалык борбордо каттоодо турарын айтышты.

ИИМдин маалыматында Кылмыш жаза кодексинин 18-беренесинде жазага кылмыш жасаганга чейин 16 жашка толгон адам гана тартылары жазылган. Бирок кылмышка чейин 14 жашка чыккан өспүрүм аталган беренеде каралган оор кылмыштары үчүн жооп берет.

Жогорудагы окуянын каарманы болгон бала 25-июндан тарта психиатриялык ооруканада жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0