10 жаштагы эгиз кыздарын таяктаган өгөй ата камалды

Жазылуу
Эркек киши "кыйноо" беренеси боюнча тергөө абагына эки айга киргизилди.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Сокулук районунда 10 жаштагы эгиз кыздарын сабаган өгөй атаны райондук сот эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы сот залынан билдирди.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: 6 жашар секелекти кордогон өспүрүм ооруканада
Эскерте кетсек, айылдардын биринде эгиз кыздар мыкаачылык менен сабалган. Алардын энеси арыз жазуудан баш тартып, милицияга социалдык кызматкерлер кайрылган. Сотто аял күйөөсүнүн күнөөсү жок экенин айткан.

Эркек киши Кылмыш жаза кодексинин 111-беренеси (Кыйноо) боюнча тергөө абагына киргизилди. Ал эми таякталган кыздардын энеси социалдык кызматкерлер тарабынан текшерүүгө алынат. Кыздардын реабилитациялык борборго жайгаштырылары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0