Быйыл окуу жылы 10-сентябрда башталабы? Министрликтин жообу

Жазылуу
Министрлик бул боюнча маселе кийинки жылга чейин дагы караларын кошумчалады.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Быйыл окуу жылы 1-сентябрда эле башталат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Эске салсак, буга чейин билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева парламенттин сунушу боюнча окуу жылынын башталышын 1-сентябрдан 10-сентябрга жылдыруу маселеси чечилип жаткандыгын билдирген. Министр окуу жылынын башталышы жылдырылса окуучуларга пайдалуу болорун айткан

"Министрлик тарабынан базалык жаңы окуу планын кийинки жылы кароо сунушталып жатат. Анын үстүнө быйылкы жылы бул убакытка Көчмөндөр оюну, КМШ өлкөлөрүнүн мугалимдер жана педагогдорунун 5-съезди, КМШ жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн билим берүү боюнча кеңеши сыяктуу бир катар маанилүү иш-чараларга туура келип калат экен. Мындан улам быйыл окуу жылы 1-сентябрда эле башталат", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик бул боюнча маселе кийинки жылга чейин дыкат каралып, 2019-жылы окуу жылы 10-сентябрда башталышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0