Төрага Жумабеков: 30 жылдан соң турак жайлардын көбү мыйзамдашат

© Sputnik / Акылбек БатырбековЖилмассив "Калыс-Ордо" в Бишкеке
Жилмассив Калыс-Ордо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрага конуштар бир топ кеңейгенин, мындан улам жер тилкелерин мыйзамдаштыруу керек экенин белгиледи.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков маалымат жыйында Кыргызстандагы жердин трансформациялоо маселесине токтолду.

Анын айтымында, парламент 2016-жылы жерди трансформациялоо боюнча мыйзам долбоорун кабыл алган. Бирок президент аны артка кайтарып берген. Депутаттар жана президент тарабынан комиссия түзүлүп, мыйзам долбоору кайрадан кабыл алынган.

"Эгер президент кол койсо жерди трансформациялоо маселеси оңой чечилет. Өзгөчө аймактарда. Айдоо жеринде салынгандыктан 1986-жылдан бери документ берилбеген үйлөр бар", — деди төрага.

Жумабеков бул жылдардын аралыгында мындай конуштар бир топ кеңейгенин, мындан улам тилкелерди мыйзамдаштыруу керек экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0