Автоунааларды каттоо кампаниясы: Мамкаттоо 3-июлга чейин дем алышсыз иштейт

© Sputnik / Акылбек БатырбековАвтомобильный затор в день "черной пятницы" в Бишкеке
Автомобильный затор в день черной пятницы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апрель айында башталган кампания аяктап жатат.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) бардык каттоо-экзамен бөлүмдөрү 3-июлга чейин дем алышсыз иштейт. Бул тууралуу МККнын маалымат кызматы билдирди.

2-июлда транспортту кайра каттоо боюнча улуттук кампания аяктайт.

Автомобили на проспекте Чуй в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Кырсыктан сактоочу 10 белги. Дасыккан айдоочулардан кеңеш
Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, автотранспорт ээлери көп болуп жаткандыктан 29-30-июнда жана 1-2-июлда аталган бөлүмдөр 8:30дан 21:00гө чейин иштейт.

Маалымат боюнча 2-апрелден 28-июнга чейин 113 миң 193 киши машинасын кайта каттаткан.

Белгилей кетсек, 3-июлдан тарта өкмөттүн 26-июнда кабыл алган токтому күчүнө кирет. Ага ылайык, автотранспортту кайра каттатуу анын базар баасындагы наркынан 1 пайыздан 0,3 пайызга чейин жетет. Андыктан Мамлекеттик каттоо кызматы автоунааны ишеним кат менен айдап жүргөндөрдү жыл аягына чейин машинаны кайра каттатууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0