Жолукчан ыйлаган аял. Архивдик сүрөт

Келиним кете берип тажатты... Айласы куруган кайнене

5584
(жаңыланган 19:35 02.07.2018)
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бу жолку чыгарылышында келини кете берип тажаткан кайнененин арыз-муңу айтылат.

Меникиндей кырдаалга көп эле эне тушукса керек. Баарына жарыя кылбай эле коеюн десем да болбой койду. Улгайган аялдар деле психологго кайрыларын угуп мен да башыман өтүп жаткан окуяны айтып, кеңеш сурап көрүүнү туура көрдүм.

Эки эркек, эки кызым бар. Кыздарым турмушка чыгып, улуу уулумду үйлөнткөм. Кичүү балам болсо окуу жайда билим алат. Азырынча улуу балам, келиним менен чогуу турам. Абышкам төрт жыл мурун көз жумган.

Жаш өткөндө адамга жылуу сөз менен эле сый керек болуп калат экен. Абышкамдын жылдыгын бергенден кийин эле келин алдык. Жалгыздык сезим келин алгандан кийин эле өтүп кетет го дегем. Анын үстүнө тун уулум үйлөндү деп кубанычым койнума батпай абдан сүйүнгөм.

Бирок келиним мен ойлогондой болбой калды. Ар бир адамда кыял-жорук болот дечи, анын үстүнө жаңы бүлө болуп келгенде эле баарына көнүп кете албайт да. Башында сүйлөбөй кабагы ачылбай жатса "көнө албай жатат го" деп койгонбуз. Ачык-айрым сүйлөшкөн жаныбыз бир нерсе сурасак тыңыраак жооп бербей, оозунун учун эле кыймылдатып койчу. Балам баш болуп баарыбыз көзүн карадык. Бир жарым жылдан кийин неберелүү кылып сүйүнттү. Сүйлөбөсө да мейличи деп, неберемдин жытына мас болуп жүрдүм. Бирок аны да мага ыраа көргөн жок. Кучактап алып бөлмөсүнөн чыкпайт, мага таштап кетпейт. Көтөрүп эркелетсем "эмизет элем" деп алып кирип кетет, айтор, менден баласын кызгангандай эле сезилди. Балам кечке жумушта, неберем болуп үчөөбүз эле калабыз, тыңгылыктуу чай бербей бөлмөсүнө кирип кетет. "Кой, эмчек эмизип жаткан немеге" деп тамагын жасап, киримди да өзүм жууп койчумун.

Бирок күн өткөн сайын баягы ачылбаган кабагына ого бетер кар жаап, бир нерсе айтсаң кагынып-силкинген адат таап алды. Айтор, мен ага кайнене болбой эле ал мага кайнене болду. Өзүм деле ызы-чууну жаман көргөн адаммын, унчукпай жүрдүм. Кыздарым төркүнүнө келсе "бытырап" деп аларды жаман көрүп, балдарын кагып-силкип жакшылыктуу чай бербей кетирет. Анын мага жасаган кылык-жоругунун бирин да балама айткан жокмун. Уулумдун ачуусу жаман, аялын бирдеме кылып жибербесин деп коркчумун. Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт болуп, неберем кичине чоңоюп калгандан кийин төркүнүнө бат-баттан бара баштады. Айына үч-төрт жолу барбаса башы ооруйт. Үйүндө жүрсө кабагы ачылып, шумдук эле сүйлөйт экен. Бир күнү айтпай кеткендиктен күйөөсүнөн тил угуп, экөө урушуп, баласын алып кетип калды. Уулум "эки-үч күндө өзү келет" деп барбай койду. Экөө тең көк бет немелер ушул бойдон жарашпай калбасын деп, небереме да сарсанаа болуп, эптеп атып алып келдик. Анда да кудагый "кой-ай" деп койгондун ордуна "кызымды минтипсиңер, антипсиңер" деп бир топ сөздөрдү айтты. Балдарымдын бакыты үчүн алардын сөзүн кулактын тышынан кетирип койгом. Кыздарым анын кылыгынын бирин билбейт. Билгенде эмне, алардын бүлөсү эми башка да, сарсанаага да салгым келген жок. Башында балам жумуштары көп болуп келинчегинин кылыктарын байкачу эмес. Бир кетип келгенден кийин "апа, келиниңе ыраазы элесиңби" деп сурачу болду. Кантип "жок" деп айтам, жаман да болсо неберемдин апасы да "баары жакшы" деп жайгарып койчумун. Күйөөсү катуураак кыйкырып койсо эле бышактап төркүнүнө жөнөйт. Өзүнчө бөлүп салайын десем уулум мамлекеттик кызматта иштейт. Айлыгы аз, батирге акча төлөп жатып чарчагыдай. Айтор, азыр айламды таппай жүргөн кезим. Абышкам болсо да аны менен айылчылап көп нерсеге маани бербей жүрө берет белем. Жада калса неберемди тыңгылыктуу эркелете албайм, конокко кетсе да мага эмес, төркүнүнө таштайт. Балдардын очогу өчпөсүн деп эле араң чыдап жүрөм. Кандай чара көрөөрүмдү да билбей калдым. Айлам кеткенде ичтеги букту сиздерге айтып жатам…

Кадиян Бообекова, психолог

Мындай учур көп эле үй-бүлөдө кездешет. Кайнене менен келиндин ортосундагы көйгөй башынан эле келе жаткан көрүнүш. Бул аял күнөөнүн баарын келинине артып койгондой. Бирок ал өзүн да бир сыйра текшерип көрүшү керек. Себеби күнөө бир эле адамдан кетпейт. Келинге кызыңдай мамиле жасап боорго тартсаң катуу адам деле жибийт эмеспи. Анын үстүнө балдар бири-бирин жакшы көрүп үйлөнгөндөн кийин аларды пикир келишпестиктен эле ажыраштырып салуу акылга сыйбаган иш болот. Ал тууралуу таптакыр ойлонбосун.

Аялдын азыркы абалын түшүнүп турсам да улуу адам болгондуктан келини менен отуруп ачык сүйлөшүңүз деп айтаар элем. Бул жерде ал келини менен тил табыша албай жатыптыр, коммуникация жок. Кайнененин камырынан дегендей, аны ыкка да, нукка да келтирчү кайнене. Ошондуктан келиндин кабагы качан ачылат дебей өзү аракет кылсын. Көз караштары да дал келбей жатышы ыктымал. Биринчи өзү "мен келинге кандай мамиле кылып жатам" деп ойлонуп көрсүн. Ошондой эле келини үйдө бала менен отурса казан-аягына аралашпай алаксып, кыздарына барып, эс алсын. Өзү да, келини да өзгөрөт. Бул үй-бүлөдө ортодо толук сүйлөшүү, баарлашуу болбой жатыптыр. Апасы баарын ичине катып жүрө бербей балдарын чакырып кеңешип сүйлөшүп көрсүн. Андан эч кимге зыян болбойт. Чечилбей жаткан маселе чечилет, келининин эмне ою бар экенин билет. Ошондуктан баарлашуу керек. Эгер андай кыла албай жатса психологго биринчи өзү, анан макул болсо үй-бүлөсү менен да кайрылып көрсүн. Эң башкысы — үй-бүлөнү ажыраштырып алгандан абайлаш керек. Себеби аны кайра ордуна келтирүү кыйын болуп калат.

5584
Белгилер:
кайнене, келин, психолог
Тема:
Психолог менен баарлашуу (68)
Тема боюнча
Сүйүүмө эми жолуктум, бирок аялымды таштай албайм... Эки ортодо калган жигит
Күйөөм эмес, WhatsApp менен жазышкан жигит жакын сезилет. Келиндин жан сыры
Күйөөм кызгана берип күн көрсөтпөй калды. Канткенде жаным калат?..