АКШдагы Ренат Самудинов коррупцияга айыптаган депутат Аттокуровдун мүлкү

© Фото / Пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК социал-демократ Данияр Аттокуров
Депутат ЖК социал-демократ Данияр Аттокуров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ренат Самудинов жана жубайы Элнура Молдокадырова АКШдан саясий башпаанек алды.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Бүгүн, ишемби күнү эртең менен жубайы экөө АКШда сегиз ай бою мигранттар үчүн лагерде жашап жүрүп, эми саясий башпаанек алган жарандык активист Ренат Самудинов видео кайрылуу таратты. Жубайлар былтыр Мексика менен АКШнын чек арасынан кармалган

Самудинов кайрылуусунда партиянын иштери менен жүргөндө бир топ коррупциялык иштерди аныктаганын, анын бирине депутат Данияр Аттокуровдун тийиштиги бар деген мааниде айткан.

Руководитель аппарата президента Кыргызстана Фарид Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Фарид Ниязов: Ренат Самудиновдун бир кылыгы билинбей калганда шайлоого катышмак
Убагында КСДПнын катарында жүргөн активисттин айыптоосуна партия мүчөсү, президент аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов жооп берди. Ал депутат менен Самудиновдун ортосунда кадр саясаты боюнча пикир келишпестиктер болгонун айтты.

Sputnik Кыргызстан агенттиги активист тарабынан айыпталып жаткан эл өкүлү Данияр Аттокуровдун 2017-жылы тапшырган декларациясын карап чыкты. Ал жерде 2016-жылга карата маалымат берилген.

Ал бир жыл ичинде депутаттык кызматынан 637 миң 51 сом иштеп тапкан. Аянты 122,1 чарчы метрди түзгөн батири бар. Мындан тышкары, эл өкүлүнүн наамына киши жашабаган имарат (13,5 чарчы метр), сугат жер (5,45 гектар) жана көп жылдык жемиш бактары (100 сотых) катталган.

Ал эми кыймылдуу мүлктөн 2007-жылы чыккан Toyota Land Cruiser 105 унаасына ээлик кылат.

Жакын тууганы 2010-жылкы Lexus GX460 машинасын айдайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0