Дэңиз жээгиндеги аял. Архив

АКШ: үч неберенин 39 жаштагы таенеси элди таң калтырууда. Аялдын сүрөттөрү

4860
(жаңыланган 10:19 02.07.2018)
The Sun басылмасынын жазганына караганда америкалык аял 16 жашында көз жарган.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Амеркиалык 39 жаштагы Элис Васкес социалдык тармактарга ачык-айкын сүрөттөрүн жайгаштырып интернеттин жылдызына айланууда. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазып чыкты.

Калифорниянын тургуну, 39 жаштагы келин анын чыныгы жаш курагын билген жигиттердин таң калуусуна чек жок экенин айткан. Ал эми Элис Васкестин үч неберенин таенеси экенин укканда көптө барып ишенишерин кошумчалаган.

Маалыматка ылайык, америкалык аял 16 жашында тунгуч перзенттүү болгон. Үч жылдан соң экинчи кызы жарыкка алып келген. Кыздары энесин тартып, 20га чыгып-чыкпай төрөшкөн.

"Мен да, кыздарым да сүйүүгө эрте кабылдык. Мунун эч уяты жок", — деген таене.

Элистин айтымында, жаш курагына карабай ал түнкү клубдарга барып турат. Ал жакта аны менен таанышууга дилгир эркектер өтө көп. Көбү Элистен 10 жаш кичүү болуп чыгат. Болуп-толуп турган келиндин эне эле эмес, таене экенин билгендердин таң калуусу дагы кадыресе көрүнүштөй.

4860
Белгилер:
чоң апа, келбет, небере, социалдык тармак, Сүрөт, АКШ
Тема боюнча
50 жашында селкидей көрүнгөн кытайлык аял интернетти жарды. Видео
50 жашында селкидей көрүнгөн айым: уулдарымды "жигитиңби?" деп сурашат