Жумабеков: 2019-жылдан тарта майып бала караган ата-энелерге жөлөк пул чегерилет

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүБала карап жаткан аял. Архив
Бала карап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин токтомун өкмөт дагы колдоого алган.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков 2019-жылдан тарта майып баласын караган ата-энелерге 5000 сомго чейин жөлөк пул берилип баштай турганын Sputnik радиосунун түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул боюнча Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынып, аны өкмөт колдоого алган.

"Аны төлөө үчүн 400 миллион сом керектелет экен. Баланы карап жаткан ата-энелерге бир топ эле көмөк болот", — деди Жумабеков.

Парламенттин спикери категорияга туура келген бардык кишилерге жөлөк пул берилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0