БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Нарын райондоруна жарыяланган өзгөчө кырдаал режими алына элек. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган аймактардын жайыт жана айдоо аянттарын чегиртке каптап кеткен.
Буга байланыштуу 13-июнда облуста Жарандык коргонуунун кезексиз отуруму өтүп, анын негизинде өзгөчө кырдаал режимин киргизүү чечими кабыл алынган.
"21-майдан тарта Ак-Талаа, Жумгал, Ат-Башы жана Нарын райондорунун айдоо талааларында химиялык дарылоо иштери жүргүзүлүп, ушу тапта 55 миң гектар жер чегирткеден тазаланды", — деп жазылат маалыматта.
Тазалоо иштери бүгүн да улантылмакчы.
БИШКЕК, 19-янв. – Sputnik. Австралиянын 111 жашка толгон тургуну Декстер Крюгер январда туулган күнүн белгилеп, жашоо образы тууралуу айтып берген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ага ылайык, Крюгер "дем алгыла, күнүнө үч маал тамак жесеңер убакыт билинбей өтө берет" деп тамашалаган.
Ал адатка айлантып алган тамактануусу тууралуу да бөлүшө кеткен.
"Ырдаганды жакшы көрөм. Күн сайын алты даана креветка жейм. Ошондой эле кечки тамакка балыктын бир түрү кошулган суюк тамак ичем", — деген ал.
Крюгер тамашаны жакшы көрө турганын айтып, жашоодогу ар кандай кырдаалдан юморду колдонуу менен чыгып кетерин баса белгилеген.
Ал өмүр бою фермада иштеп, 86 жашынан тарта китеп жаза баштаганын айткан. Азыркы тапта анын ырлары жана эскермелери камтылган 12 жыйнагы чыккан.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги Кайгуул милиция кызматы бүгүн маршрутка көйгөйүнөн улам аялдамаларда калган бишкектиктерди үйлөрүнө жеткирүүдө. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кечкурун милиционерлер балдарга, аялдарга жана улгайган адамдарга өз жардамын сунуштап жатканы айтылды. Бул багытта аталган кызматтын атайын автоунаалары иштеген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Милициядан аялдамаларда топтолгон кишилер аз, шаар ичи тынч деп билдиришти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Бүгүн, 18-январда, айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын жогорулатууну талап кылышууда. Себеби жол кире 2012-жылдан бери көтөрүлө элек. Учурда маршрутканын баасы күндүз 10, ал эми кечинде 12 сом.
Эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев каттамга чыкпай койгон маршруткалардын лицензиясы алынып, башкага берилерин эскерткен.