Бишкектин оңдолгон жолдору качан ачылат. Көчөлөрдүн тизмеси

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүДорожные работы в Москве
Дорожные работы в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башталган оңдоп-түзөө иштери жылдын аягында соңуна чыгат.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы оңдоо иштери жасалып жаткан 23 көчөнүн качан ачыларын шаар мэриясы айтып берди. Маалыматка караганда, тизмегежол каттамы үчүн кошумча көчөлөр киргизилген.

Мэриядан оңдоо иштеринин аяктоо мөөнөтү көрсөтүлгөн айлар өзгөрүп кетиши мүмкүн, бул аба ырайына жана жолдун жасалган тилкелерине жараша болот дешти.

Оңдолуп жаткан көчөлөрдүн тизмеси:

— Щербаков көчөсүнүн Манастан тарта Махатма Ганди проспектисине чейинки бөлүгү. Оңдоо иштери 20-мартта башталган, 10-июлга чейин уланат. Альтернативалуу жол — Баялинов көчөсү;

Кыргызстандагы эң узун тоннель кантип курулууда. Көк-Арт ашуусундагы видео - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы эң узун тоннель кантип курулууда. Көк-Арт ашуусундагы видео
— Достоевский көчөсүнүн Анкарадан Лев Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгү. Иш 1-апрелде башталган, 30-июлда аяктайт. Альтернативалуу жол — Октябрь көчөсү;

— Күйүкова көчөсүнүн Бахтан Муровск көчөсүнө чейинки бөлүгү. Иш 15-апрелде башталган, 23-сентябрда бүтөт. Альтернативалуу жол — Ахунбаев көчөсү;

— Каралаев көчөсүнүн Нуркамал көчөсүнөн Куттубаевге чейинки бөлүгү. Оңдоо 1-майда башталган. План боюнча 1-июлда бүтүшү керек эле;

— Лев Толстой көчөсүнүн Садыгалиевден Алыкуловго чейинки тилкеси. Иш 20-мартта башталган, 1-сентябрда бүтөт. Альтернативалуу жол — Лущихин жана Алыкулов көчөсү (уландысы);

— Калык Акиев көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен Бөкөнбаевге чейинки тилкеси. Иш 20-мартта башталган, 10-июлда бүтүшү керек. Альтернативалуу жол — Үмөталиев көчөсү;

— Абдрахманов көчөсүнүн Чыңгыз Айтматов проспектисинен тарта Иманалиев көчөсүнө чейинки тилкеси. Оңдоо иштери 1-майда башталган, 1-октябрда бүтөт. Альтернативалуу жол — Орто жана Кожомкулов көчөлөрү;

— Осмонкул көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен тарта Курманжан датка көчөсүнө чейинки тилкеси. Оңдоо иштери 20-марта башталган, 30-сентябрда бүтөт. Альтернативалуу жол — Курманжан датка көчөсү;

— Лермонтов көчөсүнүн Жибек Жолунан тарта Чүйгө чейинки тилкеси. Иш 25-майда башталган, 30–сентябрда аяктайт;

— Малдыбаев көчөсүнүн Масалиевден тарта Ахунбаевге чейинки тилкеси. Иш 19-июнда башталган, 30-августта аяктайт. Альтернативалуу жол — ушул эле көчө, бирок чыгыш тарабы;

— Салтанат көчөсүнүн Кайназаровдон тарта Патрис Лумумбага чейинки тилкеси. Иш 1-июнда башталган, 17-августта аяктайт. Альтернативалуу жол — Патрис Лумумба, Профсоюз көчөлөрү;

— Профессор Зима көчөсүнүн №81 мектептен тарта Бухара көчөсүнө чейинки бөлүгү. Иш 15-июнда башталган, 1-октябрда аяктайт. Альтернативалуу жол — Кыргыз көчөсү;

— Тоголок Молдо көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен Саадаевге чейинки тилкеси. Иш 17-июнда башталган, 25-сентябрда аяктайт;

— Лев Толстой көчөсүнүн 7-апрелден тарта Ауэзовго чейинки бөлүгү. Оңдоо иштери 20-мартта башталган, 30-сентябрда аяктайт. Альтернативалуу жол — Анкара көчөсү;

— Оберон көчөсүнүн Анкарадан Лев Толстойго чейинки тилкеси. Иш 20-мартта башталган, 1-сентябрда аяктайт. Альтернативалуу жол — Кара-Жыгач көчөсү;

— Токтогул көчөсүнүн Гоголдон Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү. Иш 16-апрелде башталган, 1-октябрда аяктайт. Альтернативалуу жол — Москва көчөсү;

—Сүйүнбаев көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Түгөлбай-Атага чейинки тилкеси. Оңдоо иштери 1-майда башталган, 29-июлда аяктайт;

Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тыгын азайбайт! 7-Апрель көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат
— Төрөкул Айтматов проспектисинин Жибек Жолунан тарта Түгөлбай-Атага чейинки тилкеси. Оңдоо иштери 1-апрелде башталган, 1-сентябрда аяктайт. Альтернативалуу жол — Осмонкул көчөсү;

— Орозбеков көчөсүнүн Жибек Жолунан Саадаевге чейинки тилкеси. Иш 20-мартта башталган, 30-августта аяктайт;

— Баялинов көчөсүнүн Баку көчөсүнөн Махатма Ганди проспектисине чейинки тилкеси. Оңдоо иштери 20-мартта башталган, 1-октябрда аяктайт. Альтернативалуу жол — Щербаков көчөсү;

— Мурманск көчөсүнүн Садыгалиевден Алыкулов көчөсүнө чейинки бөлүгү. Оңдоо иштери 20 мартта башталган, 30-августта аяктайт;

— Токтоналиев көчөсүнүн Масалиевден тарта Кулатовго чейинки бөлүгү. Оңдоо иштери 20-мартта башталган, 1-октябрда аяктайт. Альтернативалуу жол — Чыңгыз Айтматов проспектиси;

— Репин көчөсүнүн Түштүк магистралдан тарта Күйүкова көчөсүнө чейинки бөлүгү. Оңдоо иштери 1-августта башталып, 1-октябрда аяктайт. Альтернативалуу жол — Садырбаев көчөсү.

Жаңылыктар түрмөгү
0