Ажылыкка аттангандар 25-июлдан тарта Сауд Аравиясына учат

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЗыяратчылар. Архив
Зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл кыргызстандык зыяратчыларга 5400 орун берилген.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Быйыл ажылыкка аттангандардын алгачкылары 25-июлдан тарта Сауд Аравиясына учарын муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жалпысынан 18 каттам уюштурулуп, зыяратчылар Бишкек жана Ош шаарларынан жөнөп кетмекчи.

"Каттамдар негизинен Бишкек — Медина, Ош — Медина, Бишкек — Жидда жана Ош — Жидда багыттары боюнча учат", — дешти муфтияттан.

Эске салсак, быйыл Сауд Аравиясы Кыргызстан үчүн 5400 квота бөлгөн. Ал эми муфтият ажылыктын баасы 2890 долларды түзгөнүн билдирген.

Ал эми зыяратчыларды Flaynas авиакомпаниясы ташыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0