Жээнбековго Алтайдын 3000 метр бийиктигинен табылган кыл кыяк тартууланды. Сүрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТүрк академиясынын президенти Дархан Кадыралы президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болгон учурда
Түрк академиясынын президенти Дархан Кадыралы президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болгон учурда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы Түрк академиясы жалпы түрк тилдүү элдердин руханий мурастарын, баалуулуктарын, көркөм дөөлөттөрүн изилдөөдө жана жайылтууда чоӊ иш аткарып жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Парижде ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында, Астана, Ташкент шаарларында улуу жазуучуга арналган конференциялар өтүп, китептер чыгарылды. Бул тууралуу Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кадыралы президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болгон учурда айтты.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЧыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Парижде ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында, Астана, Ташкент шаарларында улуу жазуучуга арналган конференциялар өтүп, китептер чыгарылды
Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Парижде ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында, Астана, Ташкент шаарларында улуу жазуучуга арналган конференциялар өтүп, китептер чыгарылды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Парижде ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында, Астана, Ташкент шаарларында улуу жазуучуга арналган конференциялар өтүп, китептер чыгарылды
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБул тууралуу Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кадыралы президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болгон учурда айтты
Бул тууралуу Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кадыралы президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болгон учурда айтты - Sputnik Кыргызстан
2/2
Бул тууралуу Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кадыралы президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болгон учурда айтты
1/2
Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Парижде ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында, Астана, Ташкент шаарларында улуу жазуучуга арналган конференциялар өтүп, китептер чыгарылды
2/2
Бул тууралуу Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кадыралы президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болгон учурда айтты

Жолугушууга Түрк академиясынын өкүлү, профессор Кадырали Конкобаев дагы катышты.

Мамлекет башчысы Түрк академиясы жалпы түрк тилдүү элдердин руханий мурастарын, баалуулуктарын, көркөм дөөлөттөрүн изилдөөдө жана жайылтууда чоӊ иш аткарып жатканын белгиледи.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков принял президента Тюркской академии Дархана Кадыралы
Президент Сооронбай Жээнбеков принял президента Тюркской академии Дархана Кадыралы - Sputnik Кыргызстан
Президент Сооронбай Жээнбеков принял президента Тюркской академии Дархана Кадыралы

"Кыргыз элинин руханий мурастарын изилдөөдө, аны жалпы түрк дүйнөсүнө жайылтууда жасап жаткан ишиӊиздер кубантат. "Манас" эпосу, улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматов сыяктуу мыкты адабий үлгүлөрүбүздү орток түрк маданий казынасына кошуп жатканыӊар түрк тилдүү элдердин жакындашуусуна өзгөчө таасир этет", — деди Жээнбеков.

Жолугушуу маалында Түрк академиясы өкүлдөрү мамлекет башчысын араб арибинде жазылган, Манас эпосунун ар кайсы варианттарын камтыган кол жазма китеби менен тааныштырышты.

Рабочая поездкв по Иссык-Кульской области премьер-министра Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Президент Сооронбай Жээнбековдун медицина кызматкерлерин куттуктады
Кадырали Коңкобаевдин айтымында, көлөмү 1286 бет болгон бул кол жазма 1896-жылдан 1983-жылга чейин Чүй өрөөнүндө жашап өткөн Медер Мергенбаев деген аксакалга таандык. Анда 16 бет Тыныбек манасчыга таандык эпостун үзүндүсү, Саякбай Каралаевге таандык делген 34 беттен турган үзүндү, ошондой эле Тоголок Молдого таандык деген Манас эпосунун 108 бет үзүндүсү камтылган.

Ошондой эле Дархан Кадыралы менен Кадыралы Коңкобаев президентке Алтайда 3000 метр бийиктикте табылган жана реставрацияланган кыл кыякты белекке беришти.

Жээнбеков аларга ыраазычылыгын билдирип, кол жазманы басып чыгарууга жардам көрсөтөрүн жана кыл кыякты Бишкектеги Тарых музейине өткөрүп берерин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0