Жылкы менен эчкинин этин жебейт! Жаңы төрөгөн келинге карата 8 "болбойт"

Бала көтөргөн келин. Архив
Бала көтөргөн келин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыздын байбичелери медицина өнүгө элек мезгилде эле түрдүү ырым-жырымдарды колдонуп жаңы төрөгөн келинди тыңытып келгенин улуулар айтып, алардын айрымдары азыр да турмушта колдонулуп жүрөт.

Жаңы төрөгөн келинге карата колдонгон элдик ырым-жырымдарды жана тыюуларды Sputnik Кыргызстан агенттигине Ат-Башы районунун тургуну, мугалим Жумабүбү Океева айтып берди. Бул, албетте, дарыгердин кеңеши эмес, бирок элдик каада да жөн жерден чыкпаса керек.

Оор көтөрбөйт. Толгоо учурунда аялдын бели-башы бошоп калат. Эгер оор көтөрсө бели жакшы бекибей, кийин оорукчан болуп калышы ыктымал.

Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кош бойлуу келинге тиешелүү 12 "болбойт"
Сыртка оозун жаап же таңып чыгат. Көз жарганда дене бой бүт, анын ичинде тиш да бошоп калат деп айтып жүрүшөт. Мындан улам сыртка чыкканда суук, шамал тийгизбөө максатында оозду таңып, жаап чыкпаса тиштин ортосу ачылып же түшүп калышы мүмкүн деген ишеним бар. Ошондой эле тиш бекем болсун деп союлган малдын бөйрөгүн чала бышырып ысык кезинде жаңы төрөгөн келинге тиштетишкен.

Жылкынын, эчкинин этин жебейт. Бул малдын шорпосун да жаңы көз жарган келинге ичиришкен эмес. Себеби жел же суук болот деп коет. Ошондой эле жаңы төрөп келгенде кымыз, бозо, жарма сыяктуу кычкыл суусундуктарды да ичүүдөн абайлаш керек.

Башка бирөөнүн тамагынан үмүт кылбайт. Эмизип жаткан келин кокус башка бирөөнүн тамагынан үмүт кылып, андан ооз тийбей калса эмчеги шишип кетиши мүмкүн дешкен. Мындайга кабылган келинди баягы тамактын ээси үйүнө чакырып, ошол тамакты жасап "ушул элеби сага" деп андан берип ырымдап койгон.

Айды каратып эмизбейт. Эмчек чочуп калат деп коет. Мындан улам жаңы төрөгөн, эмизген келин караңгыда сыртка чыкпай, ымыркайынын да кийимдерин караңгыга калтырбашы керек делет.

Сүт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сабанын түбүн какшытпайт! Кымызга байланыштуу 6 "болбойт"
Колун муздак сууга салбайт. Муздак суудан жана сыртта жүрүп шамалдап калуудан оолак болуш керек. Сууктан сактанбаса, жел кабыз алып кетиши мүмкүн. Муну айрыкча биринчи төрөттөгүлөр, жаштар көңүлүнө түйүп алган оң. Жел кабызда аял шишип, денеси саргайып кетет, суусайт. Келин 40 күндө тыңып, бала ошол убакытта торолот деп айтылып келет. Андыктан илгертеден эле келинди тыңысын деп кээ бир учурда төркүнүнө жөнөтүп, мүнөздөп тамак берген. Туура тамактанбаса да бел бекибей, жакшы тыңыбай калышы ыктымал.

Туздуу тамак жебейт. Себеби, ысык келет. Андан сырткары, сууктап кетпеш үчүн көз жарган келинге көбүнчө жаңы шорпо ичиришет. Бул өтө маанилүү, азыр да көңүл бура турган нерсе. Койдун аркасы менен кар жилигинин эти жеңил болот деп тамакты көбүнчө ушулардан жасап беришкен. Баланын мойну эрте токтосун деп малдын мойнун бышырып жаңы төрөгөн келинге мүлжүтүп, омуртпай туруп аны атайын жыгачка же темирге сайып коюшкан.

Күйөөсү менен кошулбайт. Бул медицинада да каралган. Бирок кыргызда аталган тыюу илгертеден эле калыптанып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0