Кыргызстандык жеткинчек Россия — Хорватия беттешинде оюн талаасына топ алып чыгат

© Фото / пресс-служба Федерации футбола КРПодросток из Кыргызстана Ырыскельди Тыныбеков
Подросток из Кыргызстана Ырыскельди Тыныбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеткинчек өзү дагы футбол менен машыгат.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстандык жеткинчек Ырыскелди Тыныбеков чейрек финалда беттеше турган Россия менен Хорватия командаларынын оюнун баштап берүү үчүн талаага топту алып чыгат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Футбол федерациясынан билдиришти.

Соревнования среди спортивных журналистов Кочевник - Sputnik Кыргызстан
Чемпиондор кантип жылдыз болот? Спорт журналисттеринин парады
Мындай долбоор Кыргызстанда биринчи жолу жарыяланган. Анын алкагында балдардын англис тилин билүү деңгээли текшерилип, футбол боюнча суроолор берилген.

Интернет добуш берүүнүн жыйынтыгында 14 жаштагы Тыныбеков өлкө атынан Футбол чемпионатына баруу мүмкүнчүлүгүн алган.

Россия менен Хорватиянын курама командалары 7-июль күнү Сочи шаарында беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча 00.00дө (8-июлга караган түнү) башталат.

Тыныбеков ФФКР футбол борборунун тарбиялануучусу жана Кыргызстан курама командасынын капитаны (U-14) болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0