Кыргызстанда кылмыштарды электрондук китепке каттоо долбоору иштелип чыкты

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПресс-конференция перед журналистами в Доме Правительства о выборном процессе
Пресс-конференция перед журналистами в Доме Правительства о выборном процессе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер Жеңиш Разаков ушул айда электрондук китепти Бишкек шаарына пилоттук негизде киргизүүнү тапшырды.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстанда кылмыштарды каттоонун электрондук китебин киргизүү үчүн программалык камсыздоо иштелип чыкты. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Билдирмеге караганда, вице-премьер Жеңиш Разаков аталган долбоорду ишке ашыруу максатында жумушчу кеңешме өткөргөн.

Анын жүрүшүндө Башкы прокуратуранын өкүлдөрү "Кылмыштарды каттоонун электрондук китеби" программалык камсыздоосунун сынамык версиясын сунуштаган.

"Кылмыштарды каттоонун электрондук китебин" бардык укук коргоо органдарына, ошондой эле прокуратура жана сотторго киргизүү күтүлүүдө.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте топтошкон адамдар милиционерлерге кол салды. Видео
Тутумдун башкы өзгөчөлүгү — арыз ээсинин реалдуу багытта тутумдун QR-коду менен сканирлөө аркылуу өзүнүн арызынын статусун көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн берет.

Кылмыштарды каттоонун электрондук китеби 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаңы Кылмыш жаза кодексинин жана Жоруктар жөнүндө кодексинин алкагындагы кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүүнүн биринчи баскычы болуп саналат.

Кеңешмени жыйынтыктаган вице-премьер Разаков ушул айда электрондук китепти Бишкек шаарында пилоттук негизде киргизүүнү тапшырып, бул багытта кызыкдар бардык мамлекеттик органдардын аракеттерин координациялоо зарылдыгын көрсөттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0