Дарыгерлерге берилчү сый акы. Акча кандай шартта жана эмне үчүн төлөнөт?

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональный центр охраны материнства и детства
Национальный центр охраны материнства и детства - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда дарылоо сапаты жакшырабы, врачтар сылык боло баштайбы жана алар кимдин эсебинен шыктандырылат? Бул жана башка суроолорго Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунан жооп беришти.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Жакында Саламаттык сактоо министрлиги медициналык мекемелердин кызматкерлеринин эмгегин баалоонун жаңы тутуму, башкача айтканда, бейтаптарды натыйжалуу дарылагандарга сый акы берилери маалымдалган.

Бул тутум ишке кандай ашырылары туурасында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун (ММКФ) төрагасынын орун басары Калиман Маматова айтып берди.

Руководитель Национального центра охраны материнства и детства Камчыбек Узакбаев(в центре), уролог Сапар Макеев(справа) и хирург Мирбек Байзаков - Sputnik Кыргызстан
Дарыгерлер: Кыргызстанда бөйрөгүн алмаштыргандардын кээси балалуу болду
Медициналык жардамдын сапатын мурда кантип баалашчу?

Башта ММКФ медициналык мекемелердеги медициналык көмөк көрсөтүү сапаты үч ай сайын текшерип келген. Сапатсыз дарылоо, туура эмес дары жазуу, бейтапты негизсиз ооруканага жаткыруу учурлары аныкталса, медициналык жайлар акчалай жазаланчу. Мындан улам балдарды жана кош бойлууларды кароо бир топ жакшыра түшкөн, эмдөөлөр да көп жүргүзүлө баштаган.

Системаны эмнеге өзгөртүп жатышат?

Медициналык мекемелерди акчалай жазалоо натуура ыкма. Бейтаптарга орой мамиле кылбай, клиникалык протоколдорго ылайык дарылоосу үчүн медициналык кызматкерлерди шыктандыруу зарыл. Ошол себептен жаңы тутум — баалоо картасы киргизилүүдө. Ал "Саламаттык сактоо уюмдарын жыйынтыктардын негизинде каржылоо" сынамык долбоорунун негизинде иштелип чыккан.

Тутум кандай түзүлгөн?

Баалоочу карта беш индикатордук топтон турат: медициналык мекемелерди жетектөө, жардам сапаты, тазалык жана башкалар. Карта жана параметрлер медициналык мекемелердин ар түрү боюнча иштелип чыккан. Маселен, ооруканалардыкы өзүнчө, бейтапканалардыкы башкача. Жалпы жонунан 1000 упай алуу керек.

Кантип бааланат?

Картаны мекемелердин ар бири алып, өз алдынча баалоо жүргүзөт. Бул ишти ар бир медициналык жайдагы мурдатан иштеп келген сапат комитеттери колго алат. Ага врачтар жана башка медициналык кызматкерлер да кирген. Бирок андан кийин ММКФ сырттан да баалап, бейтаптар арасында сурамжылоо жүргүзөт. Эгер упайдын саны текшерүүдө аныкталгандан жогору болсо, анда акыркы баалоодо баа төмөн болот. Башкача айтканда, бейтаптардын пикири – чечүүчү роль ойнойт.

Тутум кандайча иштейт?

Оорукана кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мөөнөтү 4 жылга узарган ординатурага 1 млн. сом керек! Маселенин күңгөй-тескейи
Баалоодон кийин медициналык мекемелер сый акы алат. Андан соң каражатты комитет көп упай топтоп берген бөлүмдөр арасында бөлүштүрөт. Үстөк акы медициналык кызматкерлердин маянасына да, ошондой эле алардын кесиптик жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана жаңы жабдыктарды алууга да жумшалат. Мындай чаралардын баары иштин сапатын жакшыртып, кийинкиде дагы көп упай топтоого өбөлгө болот.

Үстөк акынын көлөмү кандай?

Болжол менен медициналык уюмдун жалпы бюджетинин 5-10 пайызынын чегинде.

Баалоо карталар тутуму качан ишке кирет?

Бардык региондордун аймактык ооруканалары бул ыкмада иштей башташкан, сырттан баалоо жогоруда аталган сынамык долбоордун өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлөт. 1-июлдан тарта Үй-бүлөлүк медициналык борбор жана облустук биргелешкен ооруканалар да ушул тутумга өтүштү. Ага улай Улуттук борборлор жана республикалык маанидеги ооруканаларга да бул система киргизилет.

Медициналык мекемелердин айлык акыларына бул таасир этеби?

Маяна мурунку эле калыбында калат. Бул тутум шыктандырууга гана багытталган. Тактай кете турган болсок, мекемелердин кызматкерлери иштин сапатына жараша кошумча сый акы алмакчы.

Кошумча акы үчүн каражат кайдан алынат?

Дарылоочу жайларды материалдык шыктандыруу чыгымдарын бир облуста "Саламаттык сактоо уюмдарын жыйынтыктардын негизинде каржылоо" долбоору жапса, башкасында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусу төлөп берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0