Дарыгерлер: жаштар төшөк мамилесинин маданиятын билбейт

© AFP / ROBYN BECKКол кармашып бараткан кыз-жигит. Архив
Кол кармашып бараткан кыз-жигит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук госпиталдын Урология илимий борборунун кабыл алуу жана операция жасоочу бөлүмүнүн башчысы Токтобек Термечиков, ушул борбордун заара таштары оорусу бөлүмүнүн башчысы Жуман Мырзалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда конокто болду.

Улуттук госпиталдын түзүлгөнүнө быйыл 140 жыл толду. Ал алгач 1878-жылы бир бейтапты жаткырып дарылоочу оорукана болуп ачылган.

— Токтобек мырза, учурда өлкө аймагында бөйрөк ооруларынан жапа чегип, жардам сураган адамдар көбөйгөндөй көрүнөт же мен адашып атамбы?

© Sputnik / Асель АкматалиеваУлуттук госпиталга караштуу урология илимий борборунун кабыл алуу жана операция жасоо бөлүмүнүн башчысы Токтобек Термечиков
Заведующий приемно-операционного отделения урологии Национального госпиталя Токтобек Термечиков - Sputnik Кыргызстан
Улуттук госпиталга караштуу урология илимий борборунун кабыл алуу жана операция жасоо бөлүмүнүн башчысы Токтобек Термечиков

Токтобек Термечиков: — Ооба, чынында акыркы жылдары экологиянын бузулушунан, тамак-ашта химикаттын көбөйүшүнөн бөйрөк ооруларынын саны өстү. Өкүнүчтүүсү, жаштар арасында пиелонефрит — бөйрөктүн сезгениши, анда кум, таштын пайда болушу сыяктуу олуттуу ооруларга чалдыккандар көбөйүүдө. Өтүшүп кеткен абалда келип кайрылгандардын көпчүлүгү башка мамлекеттерде оор жумуштарда иштеп, суукка калып, ачка-ток жүрүп убагында дарыланбай жүрө бергендер.

© Sputnik / Асель АкматалиеваУлуттук Госпиталга караштуу урология илимий борборунун заара таштар оорусу бөлүмүнүн башчысы Жуман Мырзалиев
Заведующий отделением мочекаменной болезни Национального госпиталя Жуман Мырзалиев - Sputnik Кыргызстан
Улуттук Госпиталга караштуу урология илимий борборунун заара таштар оорусу бөлүмүнүн башчысы Жуман Мырзалиев

Жуман Мырзалиев: — Бөйрөк оорулары менен катар эле жаш, ишке жарамдуу куракта жигиттердин жыныстык органдарынын сезгенүү дарттары да көбөйүүдө. Табарсыктын, простата бездерин, жумурткалардын сезгенүүсүнө алып келген илдеттердин басымдуу бөлүгү жаштардын жыныстык кошулуу маданиятын билбегендиктен келип чыгууда. Мындан сырткары, заара таштар оорусу да кенен жайылган. Бул биздин климатыбызга байланыштуу, анткени Кыргызстан эндомикалык аймак болуп эсептелет. Заара таштар дарттарына өзгөчө республиканын түштүк аймагында жашагандар чалдыгат. Абанын ысыктыгынан жана ичкен суудагы минералдык өзгөчөлүктөрдөн улам ушундай айырма болот. Эркектерге салыштырмалуу заара, таш илдеттери менен аялдар көп жабыркайт. Учурда калктын 6 пайызы дал ушул дарттан жапа чегип келүүдө.

— Бул ооруларды алдын кантип алса болот?

Нежелательная беременность в КР - Sputnik Кыргызстан
Толгоону жеңилдетүү жана төрөттөн кийин тез тыңуунун жолдору. Гинеколог менен маек
Т.Т.: — Азыр бардык жерде эле УЗИ аппараттары бар. Ар бир жаран ооруну сезбесе деле жок дегенде жылына бир жолу текшерүүдөн өтүп койгону жакшы. Бөйрөктө кум, таш болсо ал көрүнөт. Баштапкы этабында операция кылбай эле дары менен жок кылса болот.

Ж.М.: — Бөйрөк ооруларынын аялдар арасында көп болушу алардын төрөп, эне болуусуна, организми гормондук өзгөрүүлөргө дуушар болуп туруусуна байланыштуу. Анан да кыздарыбыз азыр байкабай жатышат, бирок ичи-башын ачкан кыска кофталарды, жабышып, денени кыскан сапатсыз кийимдерди кийүү да таасирин берет.

— Өлкөдө чет жерлерге барып бөйрөк алмаштырып келгендер көп. Улуттук госпиталда мындай мүмкүнчүлүктөр качан пайда болот?

Т.Т.: — Биздин дарыгерлер буга толугу менен даяр. Билим деңгээли да жетет. Бир нече жолу чет өлкөлөргө чыгып, тажрыйба алмашып келген да адистерибиз бар. Көйгөй — керектүү жабдуулардын жоктугунда. Органдарды трансплантациялоо олуттуу кадамдарды талап кылат. Бөйрөктү алмаштырган соң организмге турукташып калуусу үчүн бейтап дарыларды ичиши керек. Мындай дары-дармектер кымбат, биздин өлкөдө сатылбайт. Эгер бизге керектүү аппараттарды алып беришсе, бөйрөктү бекер трансплантациялоого даярбыз.

Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эрте жана кеч төрөсө эмне болот? Гинекологдун кеңеши
Ж. М.: — Бөйрөк же башка ички органдарын алмаштырууга аргасыз болгон бейтаптар эки топко бөлүнүп калды. Биринчиси — колунда барлар, өз мамлекетинин дарыгерлерине ишенбей, сырттан жасатып жатышат. Албетте, тиешелүү жабдууларыбыз жок, алардын каалоосун биз канааттандыра албайбыз. Экинчилери — оору өтүшүп кетип, айла жок чет мамлекеттен операция жасатууга мажбур болуп жатышат. Четтен операцияны жасаткандары менен жогоруда кесиптешим айткандай, андан кийинки дарыга каражаты жок, кыйналып, бизге кайрылышат. Биз баарын көрүп, түшүнүп турганыбыз менен көмөк көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү.

— Эркектерде простатит илдети күчөдү деп дарыгерлер коңгуроо кагууда. Абал канчалык кооптуу?

Ж. М.: — Простатит оорусуна эркектер 14 жашынан 45 жашка чейинки куракта кабылышат. Бул эрезеге жетип, балалуу боло турган маалы эмеспи. Дарыланбай жүрө берип, аягы тукумсуздукка алып келүүдө. Буга биздин менталитетибиздин да тиешеси бар. Айрым мырзалар үйлөнгөн соң аялдары алып келип көрсөтүүдө. Ошого чейин келгенден уялып жүрө беришет. Простата безинин илдетинин башкы себеби — бөйрөк оорулары, оор көтөрүү, анан жаштар жыныстык кошулуу маданиятын билбегендигинде болуп жатат. Өз ден соолугуна кайдыгер карап, убактылуу кызыкчылык үчүн тобокелге барышып, жыйынтыгында инфекция жуктуруп алышат. Биз колубуздан келишинче жигиттерге түшүндүргөнгө аракеттенебиз. Ошондой эле тамеки чегүү, спирт ичимдиктерин ичүү да абалды курчутууда. Жаш туруп иммунитети начар болуп калат да, дарылоо процесси да узакка созулат же такыр эле дарылоо кыйынга турат. Айрыкча жыныстык жактан жетилип жаткан маалда эркектердин тамеки чегүүсү анын жыныстык органдарынын жетилүүсүн бузуп, ар кандай ооруларга алып келет.

— Жалпы дүйнө жүзүндө учурда ачыкка чыгып, коомчулуктун кызуу талкуусун жараткан маселелердин дагы бири — жынысын алмаштыруу. Бул багытта сиздерге кайрылгандар барбы?

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балага зар болдум... Эркектерди тукумсуздукка жеткирген 7 оору
Ж. М.: — Гермафродитизм — бир кишинин эки жынысынын болушу. Борборубуз түзүлгөндөн бери ондон ашуун кишиге операция жасадык. Ага чейин ал инсандар терең медициналык изилдөөдөн өтөт. Организми кайсы жыныска ыктаса, ошол жынысы калып, экинчиси алып салынат. Кээде кайрылган адам өзүн эркек деп эсептейт, бирок аялдык жынысын калтырыш керек болот же тескерисинче болуп калат. Мындай учурда ал адамга психологиялык түшүндүрүү иштери жүргузүлөт. Операцияга чейин да, айрым кезде операциядан кийин да узак убакыт бою гормондук дарыларды ичип жүрүүсү керек болот. Жалпы коомчулуктун, жакындарынын болгон мамилеси бул убакта чоң таасирин тийгизет. Эки жыныстуу адамдар бир жыныстуу болууга мыйзамдын чегинде толук акысы бар. Ошондой эле алардын тандоосун канааттандырууга дарыгердин да укугу каралган.

Т. Т.: — Бул операциялар абдан оор болуп эсептелет. Аны бир эле хирург жасап кое албайт. Бейтап да бир нече жолу ар түрдүү текшерүүлөрдөн өтүп, анан операциялык керебетке жаткырылат. Ал эми каалаган эле дени-карды соо киши келип жынысымды алмаштырам деген болбойт. Антип кайрылгандарды биз алгач психологдорго жиберебиз. Айрымдары психолог менен сүйлөшкөн соң оюнан кайтат, кээси кайра бизге келишет. Ал учурда бардык керектүү жактарга документтер даярдалып, операция мыйзамдын негизинде гана жасалат. Мындай адамдар операциядан кийин эле сонун болуп кетет деп айта албайм. Узак убакытка дары-дармек ичип жүрүүгө туура келет, мүмкүн өмүр бою дарыга байланат. Балалуу болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0