Сооронбай Жээнбеков астаналыктарды калаанын 20-жылдыгы менен куттуктады. Видео

Жазылуу
Астана шаары быйыл 20 жылдык мааракесин белгилеп жатат.

Видео куттуктоо казак президентинин телерадикомплексинин Facebook баракчасына жарыяланган.

Жээнбеков Астана саясий жана экономикалык жетишкендиктин шаары экенин белгиледи.

"Астананын түптөлүшүн эгемендүү Казакстандын түптөлүшүнөн бөлүп алууга мүмкүн эмес. Астана өлкөнүн өнүгүшүн жана анын келечегин көрсөтүп турат", — деди Жээнбеков.

Кыргызстандын президенти өз куттуктоосунда коңшу казак элине өсүп-өнүгүүнү жана тынчтыкты каалаган.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков бүгүн Астана шаарынын 20 жылдык мааракесине катышуу үчүн учуп кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0