Кыргызстандык модель Украинадагы сынакта эң сулуу аталды. Сүрөт

© © Sputnik/ Asatur YesayantsКыргызстандык модель Алтынай Абдымомунова. Архив
Кыргызстандык модель Алтынай Абдымомунова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конкурска Украина, Израиль, Албания, Эстония, Германия, Румыния, Молдова, Белоруссия, Болгария жана Австриядан келген кыздар катышкан.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кыргызстандык модель Алтынай Абдымомунова Украинанын Одесса шаарында өткөн Miss Tourism International Ukraine, Black Sea — 2018 конкурсунун жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Одесса шаарынын расмий сайтында маалымдалды.

Конкурска Украина, Израиль, Албания, Эстония, Германия, Румыния, Молдова, Белоруссия, Болгария жана Австриядан келген кыздар катышкан.

Конкурстун финалында кыздар улуттук жана кечки кийим менен чыгып, атайын ролик тартуулашты.

Конкурстун жыйынтагында башкы байге кыргызстандык моделге ыйгарылган. Вице-мисс деп Израилден келген сулуу табылса, "Мисс бикини" наамы Молдовадан келген катышуучуга ыйгарылды.

"Мисс Туризм Украина — 2018" улуттук конкурсун Луцка шаарынан келген бийкеч Влада Путава жеңип алган.

Улуттук конкурс Одесса шаарында экинчи жолу өтүп жатат.

Алтынай Абымомунова Кыргызстандын атынан буга чейин бир нече эл аралык конкурстарга катышкан. Былтыр Тайванда өткөн Global Charity Queen — 2017 конкурсуна барган. Арменияда өткөн "КМШ Топ-модель" конкурсунан "Мисс жылмаюу" наамына татыган. Быйыл апрель айында Индияда өткөн Miss Glam World конкурсуна катышып келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0