Көлдүн Корумду айылында арактан баш тартып, ичимдиктерди талаага төгүштү

© © SputnikЫсык-Көл облусунун Түп районундагы Корумду айылынын тургундары ичимдиктен баш тартып, буга чейин дүкөндөрдө сатылып жаткан арактарды талаага төгүштү
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Корумду айылынын тургундары ичимдиктен баш тартып, буга чейин дүкөндөрдө сатылып жаткан арактарды талаага төгүштү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айылда 20 миң сомго бааланган ичимдик жок кылынды.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Корумду айылынын тургундары ичимдиктен баш тартып, буга чейин дүкөндөрдө сатылып жаткан арактарды талаага төгүштү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин жергиликтүү кабарчысына айылдын башчысы Муратбек Шариев билдирди.

Анын айтымында, бул демилгени айыл эли өзү көтөргөн.

"Көпчүлүк айылдыктардын суранычы менен үймө-үй кыдырып, бардык тургундардын буга карата оюн билдик. Алар спирт ичимдиктери айылда сатылбасын деген ойду колдоп, кол коюп беришкен. Мындан улам айыл өкмөтү атайын токтом чыгарган. Жыйынтыгында 20 миң сомго бааланган ичимдик жок кылынды. Кайсы дүкөндө ичимдик калып калган болсо, алардын ээлери өздөрү алып келип беришти", — деди айыл башчы.

Ичимдиктер 12 дүкөндөн чогултулган.

Эске салсак, мурдагы жылдары Кыргызстандын түштүк аймыгандагы бир нече айылда жана Көлдүн Өрнөк айылынын тургундары ичимдиктен баш тартышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0