Кыргыздын алгачкы профессионал кинооператору Марлес Туратбековдун архивное фото

Камераны көчөдөн тааныган. Тунгуч кинооператор Марлес Туратбеков тууралуу 6 факты

(жаңыланган 16:51 10.07.2018)
Бүгүн кыргыздын алгачкы профессионал кинооператору Марлес Туратбековдун туулган күнү.

"Караш-караш окуясы", "Көчө", "Бурма" сыяктуу тасмаларды жараткан киночунун көзү тирүү болгондо быйыл 85 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик кинематографиянын негиздөөчүлөрүнүн бирин эскерип, кызыктуу фактыларды сунуштайт. 

Камераны көчөдөн тааныган. Марлес Туратбеков 1933-жылы 7-июлда Нарын облусунун Ат-Башы айылында жарык дүйнөгө келген. Элеттеги мектепти аяктаган соң борборго келип эки жылдай камера тартуу ыкмасын бир еврей фотографты ээрчип жүрүп үйрөнгөн. Жыйырма жашында Москвадагы Мамлекеттик кинематография институтуна тапшырып, 1958-жылы операторлук факультетин бүтүргөн. 

  • Марлес Туратбеков элеттеги мектепти аяктаган соң борборго келип эки жылдай камера тартуу ыкмасын бир еврей фотографты ээрчип жүрүп үйрөнгөн
    Марлес Туратбеков элеттеги мектепти аяктаган соң борборго келип эки жылдай камера тартуу ыкмасын бир еврей фотографты ээрчип жүрүп үйрөнгөн
    © Фото / из семейного архива Туратбековых
  • Алгачкы чыгармачылыгы Кыргызфильмден башталган
    Алгачкы чыгармачылыгы "Кыргызфильмден" башталган
    © Фото / из семейного архива Туратбековых
  • Туратбеков документалист катары Кыргыз ССРинин аймагында болгон орчундуу тарыхый окуяларды чагылдырып, атактуу инсандар тууралуу 30дай даректүү эмгек жараткан
    Туратбеков документалист катары Кыргыз ССРинин аймагында болгон орчундуу тарыхый окуяларды чагылдырып, атактуу инсандар тууралуу 30дай даректүү эмгек жараткан
    © Фото / из семейного архива Туратбековых
1 / 3
© Фото / из семейного архива Туратбековых
Марлес Туратбеков элеттеги мектепти аяктаган соң борборго келип эки жылдай камера тартуу ыкмасын бир еврей фотографты ээрчип жүрүп үйрөнгөн

Министрдин уулу. Кинооператордун атасы Досалы Туратбеков кезинде Айыл чарба министрлигин жетектеген. Кесибин сүйгөн жаш талант бүлө башчысынан жардам сурабай, өз алдынча эле ийгиликтерге жете алган. 

Социалистик Эмгектин эки жолку баатыры Зууракан Кайназарова
© Фото / предоставлено мемориальным дом-музеем имени Зууракан Кайназаровой
"Кыргызфильмдеги" өмүр. Жогорку билимдүү биринчи кыргыз оператору эмгек жолун мекенине кайтып келип "Кыргызфильм" студиясында баштаган. Алгач ал хроника менен алектенип, кийин "Токтогул", "Жура" тасмасында экинчи оператор болуп иштеп, "Караш-караш окуясы", "Көчө", "Бурма" фильмдерин өзү тартып өзгөчөлөнө алган. Кинооператор пенсияга чыкканга чейин "Кыргызфильмде" эмгектенген.

Чебер документалист. СССРдин кинематографисттер союзунун мүчөсү алгач көркөм тасмаларды тартып жүрүп, кийин даректүү фильм тартууга ыктап кеткен. Ал ошол кездеги Кыргыз ССРинин аймагында болгон орчундуу тарыхый окуяларды чагылдырып, атактуу инсандар тууралуу 30дай даректүү эмгек жараткан. 

Күчтүү устат. МАрлес Туратбеков чыгармачылыгында ар кыл улуттагы ондогон шакиртти тарбиялап өстүргөн. Алардын айрымдары азыр дагы ата мекендик кинематографияда жигердүү эмгектенип келүүдө. Алардын арасында Мурат Алиев, Бекболот Айдаралиев, Талантбек Акынбековдор бар. 

Архивные фотографии знаменитого кыргызского кинооператора Марлеса Туратбекова
© Фото / из семейного архива Туратбековых
Марлес Туратбеков чыгармачылыгында ар кыл улуттагы ондогон шакиртти тарбиялап өстүргөн

Бирөөнө катуу сөз айтпаган ата. Марлес Туратбеков жубайы менен бир уул, кызды өстүргөн. Баласы Эмил азыр ишкерлик менен алектенсе, кызы Эмиля Москвада журналист болуп иштейт. Алар атасынын урушуп же катуу сүйлөгөнүн көрбөгөндүгүн айтып эскерет. Ошондой эле ал жумуштагы маселелерди үйгө келгенде такыр сөз кылчу эмес. Бир топ жогорку мамлекеттик сыйлыктардын ээси 1998-жылы 65 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. 

Белгилер:
оператор, тасма, Марлес Туратбеков, Кыргызстан
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (385)
Тема боюнча
Испания королу жарандык тапшырган. Гандболчу Талант Дүйшөбаев тууралуу 7 факты
Нургазы үчүн таяк жеген Орозкул. Орозбек Кутманалиев тууралуу 6 факты
Археологиялык казуулар. Архив

Бишкектен анча алыс эмес жерде балбал таш табылды. Сүрөт

(жаңыланган 22:16 14.04.2021)
Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкектен анча алыс эмес жерде Интернациональный айылынан экскаватор айдоочусу Павел Камаев балбал таш таап алган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү билдирди.

Обнаруженный в грунте балбал в селе Интернациональном недалеко от Бишкека
© Фото / предоставлено Павлом Камаевым
Бишкектен анча алыс эмес жерде Интернациональный айылынан экскаватор айдоочусу Павел Камаев балбал таш таап алган

Балбал — бул адамдын сөлөкөтү чегерилген таш эстелик. Камаев аны кантип таап калганын айтып берди.

"Ал күнү мен жумушта болчумун, жер казып атып бир маалда катуу бир нерсеге тийгендей болдум. Карап, көргөн көзүмө ишенген жокмун. Топурак алдында анча чоң эмес таш эстелиги жатыптыр. Бийиктиги болжол менен бир метрди түзөт. Анын бир колунда чөйчөк тартылган. Табылга жакшы жышаан экенин, мындай жерлерде белгилүү аскер адамы да көмүлгөнүн окугам", — деди ал.

Ал табылгасын адистерге берүү үчүн Маданият, маалымат жана спорт министрлигине барган.

"Балбал ташты өзүмө алып калайын деп эч ойлонгон жокмун. Министрликтегилер айтканымды угуп, анын мынча тереңдикте жатканына таң калышты. Себеби мен аны үч метр тереңдиктен таап чыккам да. Ал жакта бул таш кандайча жатып калганы табышмак", — деди Камаев.

Вид на Государственный исторический музей в центре Бишкека во время реконструкции
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады

Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады.

Белгилер:
табылга, эстелик, таш, балбал, Чүй облусу, Бишкек
Тема боюнча
Енисейди бойлой Барсбектин мүрзөсүн издегенде... Юлий Худяков менен маек
Бишкектеги Курманжан Датка эстелиги. Архивдик сүрөт

Бейшембиге карата аба ырайы

Күндүн ысышына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн бийик тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымал.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республиканын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +21…+26, Талас жергесинде +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +22…+27, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +15…+20 градуска чейин көтөрүлөт.

Күндүн табы Бишкекте +23…+25, Ош шаарында +24…+26 градус жылуу болот.

Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы
Тема боюнча
Бишкекте түркүн түстүү жоогазындар гүл ачты. Ажайып сүрөттөр

Кер мурут жигит Сүймөнкул Чокморов. Улуттук банктын улуу инсан тууралуу видеосу

(жаңыланган 01:10 15.04.2021)
Улуттук банк кыргыз банкноталарына түшүрүлгөн белгилүү инсандар тууралуу видеолорду жарыялоодо. Бул ирет банк легендарлуу актёр, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов тууралуу видеоролик жарыялаган.

Эки мүнөттөн ашык тартылган роликте сүрөтчүнүн жаш кезин көрүүгө болот. Анда Чокморов жана башка студенттер талаада педагогдун жетекчилигинин алдында жылкыны сүрөткө тартып жатышат. Видеонун алдында окуя 1963-жылы Ленинград облусунда болгону жазылган. Чокморов эмгегинде бир гана жылкыны эмес, анын артына тоолорду да тартат. Окутуучу жок тоону эмнеге тартканын сураганда, ал мекенин сагынганын айткан. Бир маалда жылкы үркүп, баланын колунан жулунуп, секире баштайт. Аны көрүп Чокморовдон башкасынын баары чочулайт. Бирок Сүймөнкул Чокморов аттын жанына барып, жылкыны сылап аны чуркатыш керектигин айтат. Бала ага макул болбой койгондо Чокморов "кыргыздар ээр үстүндө чоңойгон калкпыз. Ал эми ат биздин канатыбыз" деп чапкан боюнча жөнөгөн.

Кадр алмашып, Чокморов "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасындагы Карабалтанын образында болуп калат.

Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат. Анда улуттук валютага сүрөтү түшүрүлгөн философ Жусуп Баласагын, манасчы Саякбай Каралаев, сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморов, акын Алыкул Осмонов тууралуу видеолор көрсөтүлмөкчү.

Роликтерди режиссёр Руслан Акун белгилүү кино ишмерлери Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу жана Баян Сарыгуловдун колдоосу менен тарткан.

Белгилер:
сүрөтчү, актер, видео, Улуттук банк, Сүймөнкул Чокморов
Тема боюнча
Улуттук банк Алыкул Осмонов тууралуу таасирдүү ролик тартты