АКШлык бөбөктөрдүн киндик энеси: Кыргызстанга бутума туруп алып кайтам

© Фото / предоставлено Бакытбубу АрыновойАкушер-гинеколог Бакытбубу Арынова в США
Акушер-гинеколог Бакытбубу Арынова в США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык Бакытбүбү Арынова АКШда туулган бир далай балдардын киндик энеси. Алар жаңы төрөлүп, көзүн ачаары менен биздин мекендештин жүзүн көрөт.

Каарманыбыз Иллинойс штатынын Рокфорд шаарындагы Mercy Hospital ооруканасында бир нече жылдан бери акушер-гинеколог болуп эмгектенет.

Арынова Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен маектешип, океандын ары жагында кантип дарыгер болуп калганын айтып берди.

— Бакытбүбү, медициналдык билимди Америкада алдыңыз беле?

Национальный центр охраны материнства и детства - Sputnik Кыргызстан
Дарыгерлерге берилчү сый акы. Акча кандай шартта жана эмне үчүн төлөнөт?
— Жок, мектепти Оштогу Себат кыздар лицейинен аяктап, университетти Түркияда окугам. Мен мектепти бүткөн жылдары Түркия менен Кыргызстандын ортосунда келишим бар эле. Ага ылайык, Түркиянын медициналык окуу жайынын экзамендеринен өтүп кеткен кыргыз студенттерин түрк өкмөтү бекер окутмак. Ошол аркылуу тапшырып, окууга өтүп кеткем. Баса, мен окууну бүткөндө Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө башталган. Мен андан жогорку балл алып, сертификатты алгездеги президент Аскар Акаев өзү тапшырган. Ата-энем Кыргызстанда эле оку деп суранышкан. Бирок бекер окууга өткөндөн кийин Түркияда бир жыл окуп көрөйүн деп кеткем. Ошол бойдон калып калдым.

— Ошондон ары эле Америкага кеткен турбайсызбы анда?

— Ооба. Түркияда окуп жүргөндө группалаш кыздар ординатураны АКШдан окуса болот экен деп калышты. Бирок жол-жоболорун билбегендиктен, барып иликтеп көрөлү деп чечтик. Чикаго шаарындагы Иллинойс университетинде иштеген профессорго "сиздин жаныңызга барып, бир айлык таржыйба алып кетейин" деп кат жазсам, ал макул болду. Бир айдын ичинде өзүмө керектүү маалыматтарды алып, Түркияга кайтканда дароо ординатурага даярдана баштадым. 

© Фото / предоставлено Бакытбубу АрыновойАКШда иштеген кыргызстандык гинеколог Бакытбубу Арынова: АКШда ординатура окуу катары эмес, жумуш катары каралат. Кадимкидей иштейсиң, болгону толук кандуу адистердин көзөмөлү алдында. Кадимкидей айлык аласың
Акушер-гинеколог Бакытбубу Арынова в США - Sputnik Кыргызстан
АКШда иштеген кыргызстандык гинеколог Бакытбубу Арынова: АКШда ординатура окуу катары эмес, жумуш катары каралат. Кадимкидей иштейсиң, болгону толук кандуу адистердин көзөмөлү алдында. Кадимкидей айлык аласың

— Ординатура демекчи, Кыргызстанда быйылкы окуу жылынан тарта дипломдон кийинки билим алуунун мөөнөтүн узартып коюп, студенттер нааразы болуп жатышат…

— Кыргызстанда ординатурада өзүң контракт төлөп окушуң керек деп уккам. Бул жакта таптакыр башкача. Окуу мөөнөтү тандаган адистигиңе жараша үч жылдан жети жылга чейин созулат. Бирок АКШда ординатура окуу катары эмес, жумуш катары каралат. Кадимкидей иштейсиң, болгону толук кандуу адистердин көзөмөлү алдында. Кадимкидей айлык аласың, албетте, иштеп жаткан адистердикинен алдаканча аз, бирок күнүмдүк жашооңо жетет. Кыскасы, ординатурага өткөндөн кийин жумушум бар деп эсептесең болот.

— АКШ же Түкияда ординатурага өтүү оңой болбосо керек?

— АКШга ординатурага өтүш үчүн бир нече экзамен тапшырыш керек. Ага даярдануу учурунда англис тилиндеги төрт китепти окуп бүтүү зарыл. Мен ал төртөөнү жарым жылдын ичинде окуп бүттүм. Биринчи жолу окуганда таталыраак болгондуктан, эки ирет карап чыктым. Ошол китептерди окуп атып эле англис тилин дагы жакшыртып алгам. Баса, экзаменге өтө кылдаттык менен даярдануу керек. Анткени жыйынтыкты жети жылга чейин өзгөртө албайсың.

— АКШда иштей баштаганда кандай кыйынчылыктар болду?

— Ординатуранын алгачкы жылдары суткасына 16-18 саат иштечүмүн. Бирок Түркияда деле 10 саатка чукул окучубуз. Менимче эң татаал учурлар ушулар болду. Экинчиден, Түркияга алгач барганда тилден кыйналчумун. Лекцияларды диктофонго жаздырып алып, үйгө барып кайра угуп, жазып жүрдүм. 

© Фото / предоставлено Бакытбубу АрыновойБакытбубу Арынова: ординатуранын алгачкы жылдары суткасына 16-18 саат иштечүмүн
Акушер-гинеколог Бакытбубу Арынова в США - Sputnik Кыргызстан
Бакытбубу Арынова: ординатуранын алгачкы жылдары суткасына 16-18 саат иштечүмүн

— Чарчаганда баарын таштап кетип калгыңыз келген учурлар болдубу?

— Албетте болду. Бирок ата-энем, жакындарым, курдаштарым жакшы дем берип турушту. Анүстүнө ушунча эмгек жумшагандан кийин окууну таштап кетип калуу акылга сыйгыс нерсе болмок.

— Толук кандуу адис катары иштей баштаганыңызга канча убакыт болду?

— Беш жыл ординатор катары иштедим, аз алдымча дарыгер болгонума үч жыл болду.

— Кыргызстанга келип турасызбы?

Больница Эдуарда Херрио в Лионе. Франции - Sputnik Кыргызстан
Келер бекен? Чет элдиктердин өмүрүн сактап жүргөн кыргызстандык ак халатчандар
— Түркияда окуп жүргөндө жайкы каникул учурунда сөзсүз барчумун. Бирок АКШга келгенден бери андай барбай калдым. Бир жылда 18 иш күндүк эмгек өргүүм бар. Жолго, Кыргызстанга кайра көнүүгө эле көп убакыт кетип калат. Азыр тескерисинче, мага жакындарым келип турат. Сагынычты ушинтип таркатып жатабыз (жылмайып). Бирок келечекте Кыргызстанга сөзсүз кайтам. Мекениме барып, жаңы ыкмалар менен иштеген оорукана ачып, элге жардам берсем деп ойлойм. Ал үчүн бул жакта бутума туруп алышым керек. 

— Жаңы ыкмалар демекчи, жакында эле бизге Онкология жана гематология борборунун жетекчиси Эрнис Тилеков маек берип, аялдардын эмгек жана жатын моюнчасынын рагы күч алып жатканын айтты. Бул илдеттерди чет элдик аялдар кантип алдын алышат экен? Азыр өнүккөн өлкөлөрдө дарылоонун жаңы жолдору табылса керек?

— Рактын кайсы түрү болбосун аны алдын алуу үчүн жылына бир ирет дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп туруу керек. Муну барыбыз билебиз. АКШ жөнүндө айтсам, бул жакта медицинанын негизги максаты — ооруну дарылоо эмес, аны болтурбоо. Мисалы, 20 жаштагы кыздын энеси жатын рагына кабылган болсо, кызын жаш кезинен баштап жыл сайын текшерип турабыз. Азыр бул илдеттин биринчи жана экинчи даражадагысын дарылап, толугу менен сакайтып койсо болот. Кыргызстанда көпчүлүк аялдар оору өтүшүп кеткенден кийин кайрылып калышат.

© Фото / предоставлено Бакытбубу АрыновойБакытбубу Арынова: жолдошумду Чикаго шаарынан тапкам. Бул жакта кыргыз коому бар. Майрамдарда чогулуп турабыз. Ошолордун биринде тааныштык.
Акушер-гинеколог Бакытбубу Арынова в США - Sputnik Кыргызстан
Бакытбубу Арынова: жолдошумду Чикаго шаарынан тапкам. Бул жакта кыргыз коому бар. Майрамдарда чогулуп турабыз. Ошолордун биринде тааныштык.

— Жергиликтүү дагыгерлер дагы ушул көйгөйдү көп айтышат. Эми жагымдуу нерселер тууралуу сүйлөшөлүчү. Төрөт кабыл аласыз да ээ?

— Ооба, далай америкалыктардын киндик энеси болуп калдым (жылмайып). Жумушумдун эң жагымдуу бөлүгү ушул. Бир адамдын жарык дүйнөгө келишине жардам берүү өзүнчө керемет нерсе, сөз менен айтып жеткире албайсың. Бир үй-бүлөнүн жашоосундагы эң маанилүү, эң кубанычтуу учурунда алардын жанында болосуң. Мындан кийин ал үй-бүлө сенин жакынындай көрүп калышат. Кийинки балдары төрөлгөндө дагы сөзсүз кайрылып келишет.

— Гинекологияны кандайча тандап калдыңыз эле?

Оорукана кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мөөнөтү 4 жылга узарган ординатурага 1 млн. сом керек! Маселенин күңгөй-тескейи
— Адистик тандоо маалында терапия менен гинекологиянын ортосунда калгам. Анткени апам терапевт болчу. Бирок үйдөгүлөр менин хирургия жагына кетүүмдү каалашчу. Кичинемден эле майда-чүйдө иштерди өтө кылдат, тыкан жасагандыктан, "сенден мыкты хирург чыгат" деп айта беришчү. Гинекологияны тандаганымдын негизги себеби дагы ошол. Бул адистикте операция дагы кыласың, дары-дармек менен дагы дарылайсың.

— Акырында жеке жашооңуз тууралуу айта кетсеңиз?..

— Үй-бүлөлүүмүн. Жолдошум Кара-Кулжалык жигит.

— Мектепти бүткөндөн бери чет жакта жүрүп, кыргыз жигитти кантип кезиктирип калдыңыз?

— Буюруп койсо, кай жерден болсо дагы кезигет экенсиң. Жолдошумду Чикаго шаарынан тапкам. Бул жакта кыргыз коому бар. Майрамдарда чогулуп турабыз. Ошолордун биринде тааныштык. Кызыгы тигил жакта ата-энелерибиз дагы тааныш болуп чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0