Батирден куулуп, көчөдө калган... Бишкектик ишкер айымдын окуясы

© Sputnik / Табылды КадырбековПредпринимательница Амина Мамытбекова
Предпринимательница Амина Мамытбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
33 жашында үч баланын апасы болуп, алты тилди өздөштүрүп, бир нече тил курстарын жана сулуулук салонун ачууга жетишкен Амина Мамытбекова менен маек.

— Бизнеске канча жашыңызда аралаштыныз эле?

Диктор телеканала НТС диктору Мира Шукуралиева - Sputnik Кыргызстан
Диктор Мира Шүкүралиева: "депутаттын аялымын" деп күйөөмдүн атын пайдаланбайм
 7-класстан баштап соода-сатык менен алектенип баштагам. Ал учурда бүткүл Кыргызстанды кризис каптап, ата-энелерибиз жумушсуз эле. Мына ошол кезде мен акча табууну үйрөндүм. Эгер барчылыкта чоңойсом азыркыдай ийгиликтерди багынтпайт элем. Менин ата-энем "сенин колуңдан келбейт" деген сөздү бир дагы жолу айткан жок. Эмне жумуш баштабайын, "Айгөлөк, (ата-энеси ушинтип эркелетчү — ред.), эмне жасагың келип жатса жаса" деп айтышчу. 7-класста экениме карабай чоң бир үй-бүлөнүн, ага кошуп ири дүкөндүн жалпы каражатын мага карматып коер эле. Бир үй-бүлөнүн акчасы менин колумда болчу. Мага кичинемден баштап ишеним көрсөткөнү үчүн ата-энеме ыраазымын, бул нерсе мага дайым дем берип келчү.

— Ошол кезде эле чет тилдерин үйрөнүү каалооңуз күч болсо керек?

 Баарыбыз эле айылдан келебиз. Ал жакта мыкты мугалимдер аз болгондуктан, жетиштүү билим ала албайсың. Мен мугалимдер берген билимди алдым, сабактарды окудум, жыйынтыгында мектепти ийгиликтүү аяктадым. Чет тилдеги китептерди түшүнүп, түшүнбөй эле окуй берчүмүн. Китепканага атайын барып, жаңы нерселерди үйрөнүүгө шашылаар элем. Азыркыдай заматта котормосун таап алчудай телефон менде жок болчу. Учурда айрым жаштарга таң калам. Бир сүйлөмдү окуп, ошол нерсени интернеттен карагандан эринет. Бул нерсе адамды артка гана тартат. Мектепти аяктагандан соң студенттик күндөрүм башталды. Акча жок, же сага жардам берчү адам жок. Ата-энемден каражат сурагандан уялам. Батирдин акчасын убагында төлөбөй куулуп, көчөдө ач калган учурларым да болду. Бирок ошол күндөр үчүн Кудайга рахмат айтам. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАмина Мамытбекова: мен байлыгым менен эмес, билимим менен мактанам
Предпринимательница Амина Мамытбекова - Sputnik Кыргызстан
Амина Мамытбекова: мен байлыгым менен эмес, билимим менен мактанам

— Демек сиздин жашооңузга ошол убакыт бурулуш жасаган турбайбы…

 Артыкчылыгымды издеп көрсөм мен тил билет экенмин. Ошентип башкаларга тил үйрөтүүнү максат кылдым. Окутуу борборуна барып, жумушка орноштум. Бирок ал жердегилер "бул эмне болгон кыз" деп мага көңүл деле бурушкан жок. Качан гана 2-3 ай өткөндөн кийин "сенин билимиң бар турбайбы" деп мени менен эсептеше башташты. Мына ошентип тажрыйба топтоого жетиштим.

— Тил үйрөтүү жаатында 14 жылдык тажрыйбаңыз бар экен. Негизи эле тил курстарын ачуу идеясы кантип жаралды?

 Тил курсун ачуу идеясы 14 жыл мурда пайда болгон. Бир күнү мен Америкадан келген агайыма барып, "элге кыска мөөнөттүн ичинде тил үйрөткүм келип жатат" деп айттым. Ал мага "башкалар 4-5 жылда окуган тилди сен кантип эки жылда үйрөтө алмак элең. Андан көрө бул оюңду жыйыштырып оокатыңды кыла бер" деди. Үйгө келип ызаландым. Бирок ката кетирсем мен ката кетирем, банкрот болсом өзүм банкрот болом деп иш баштадым. Өзүм алты тилде сүйлөй алам жана башкаларды да дайыма тил билүүгө үйрөтүп келем. Анткени адам кара жумуш жасай берсе бат эле картайып калат, эгер акыл менен иштесе кыргыз эли көп нерсеге жетишет. Баарыбыз кыргыз тилинде сүйлөшүбүз керек, бирок башка чет тилдерди канчалык көп билсек ошончолук мүмкүнчүлүктөр да көп болот.

— Билишимче, Казакстанда да тил курстарын ачкансыз?..

 Ооба, ал жакка да тил курстарын ачып, азыр убактылуу токтотуп турууну чечтим. Анткени Казакстандан келе жатып сумкамдагы акчаны карап, ушул нерсе балдарымдан алыс болууга, аларды сагынууга татыйбы деп ойлодум. Баш болсо кайсы жерде болбосун ошол сумманы таап алса болорун түшүндүм. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАмина Мамытбекова: жолдошум менден бир гана жаш улуу болсо да "сиз" деп кайрылам
Предпринимательница Амина Мамытбекова - Sputnik Кыргызстан
Амина Мамытбекова: жолдошум менден бир гана жаш улуу болсо да "сиз" деп кайрылам

— Ишкерликте каражатты туура сарптоо маанилүү эмеспи. Акчаны кантип туура пайдалануу керек?

 Ушул суроо үчүн сизге өзгөчө ыраазычылык билдирем. Анткени көпчүлүгүбүз акчаны керексиз эле нерсеге жумшай беребиз. Мисалы мен мага керек болгон, пайда алып келе турган гана нерселерге коротом. Акчага да өзүнчө мамиле кылуу шарт. Капчыгымда акчалар дайыма иреттүү болуп, тыйындарды үйдүн ар кайсы жерине кое бербейм. Каражатты сыйлап, ага кылдаттык менен мамиле жасайм.

— Тил курсунан сырткары сулуулук салонун да иштетет экенсиз.

Обладательница титула Миссис Кыргызстан — 2018 Алтынкыз Казакбаева - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын эң сулуу келини Алтынкыз: сынакка стресстен арылуу үчүн катыштым
 Ооба, сулуулук салон ачканыма эки жыл болду. Менин жаным тынбайт. Мага окшоп энергиясы ашып-ташып тургандар бир нерсе жасагысы келип эле турат. Аялдарга эмне керек деп ойлонуп отуруп, сулуу каш керек экенин билдим. Адамдын бетине көрк кошкон нерселердин бири — бул каш. Адамдын кашы жакшынакай болуп турса сулуулугуна дагы көрк кошулат. Ошентип каш тартканды үйрөнүү үчүн алгач Бишкектен, кийин Москвадан билим алдым. Азыр Бишкектеги кыйын мастерлердин бири менмин деп айта алам. "Сен мактана бересиң" деп айтышат. Мен акча, унаа менен мактанбайм, мен билимим менен мактанам.

— Жакында эле "Нөлдөн башталган миллион" китебиңиздин бет ачаары болду. Суроо-талап кандай болууда?

 Бул китепти жазуу идеясы эки күндө келди. Буга чейин ойлонуп жүрчүмүн, бирок эки күн ичинде чечим кабыл алдым. Инстаграм баракчама "Амина эже, үй-бүлөнү да, бизнести да кантип чогуу алып кетсе болот" деген каттар абдан көп келе баштады. Ошондо китеп жазып чыгышым керек экен деп ойлодум да, ар кимден кеңеш сурадым. Айрым акылмандар "сен китеп жазбай эле кой, азыр эч ким китеп окубайт, анын үстүнө кыргызчаны такыр эле окубайт" дешти. Мен элди угам, бирок өзүм чечим кабыл алам да. Болсо болду, болбой ката кетирген болсом тажрыйба алам деп, китептин аталышынын варианттарын жазып чыктым. Ошентип апам (кайненеси — ред.) тандап берген аталыш менен китеп жарык көрдү. Ал киши "Нөлдөн башталган миллион деп атап кой, баары түшүнүктүү болот" деп айтты. Мен аталышы туура тандалганына кубанам. Китеп сатыкта калбай калды.

 

 

— Китептин мазмунуна кыскача токтоло кетсеңиз.

 Китептин аты башка, мазмуну башка. Айрымдар сиз миллионерсизби, ушул китепти окуп койсом эле миллионер болуп каламбы деп сурап жатат. Миллионго чейин сүйүү, достук, ишеним, чыккынчылык, атаандаштык болушу керектиги китепте айтылган.

— Көпчүлүк айымдар ишкерлик менен алектенгиси келет. Эң алгач эмнени эске алуу керек?

 Кандай гана иш баштабасын, аны чын көңүлдөн сүйүп, ошол жаатта эң мыкты адис болушу зарыл. Жумуш баштап алып, калганын Кудай колдойт деген туура эмес.

— Карьерага да, үй-бүлөгө да жетишип келет экенсиз. Маегибиздин соңунда балдарыңыз, жолдошуңуз тууралуу да айта кетсеңиз?

Племенной форелеводческий завод Адлер - Sputnik Кыргызстан
Форель багам дегендерге жардам берет элем. Көлдүк ишкер менен маек
 Аял үчүн эң маанилүүсү — бул үй бүлө. Жан дүйнөнүн чөнтөгү жок. Канчалык капчыгың калың болуп турбасын, баары бир аялга сүйүү керек. Сүйүү бизге дем берип, жогорку деңгээлге жеткирет. 22 жашымда турмушка чыккам. Жолдошум экөөбүз 2,5 жылдай бири-бирибизди байкап жүргөнбүз. Ал мени адамгерчилик сапаты менен өзүнө арбап алды. Менден бир жаш гана улуу болсо да сиз деп кайрылам. Айрымдар "сен эмнеге сиз дейсиң, жолдошуңдан коркосуңбу" дешет, "сиз" деген коркконду эмес, сыйлаганды, урматтаганды, жакшы көргөндү билдирет. Сиз деп атып уруша да албай калабыз. "Жаман бала төрдөгү ата-энесин босогого алып келет" дегендей жаман аял төрдөгү күйөөсүн босогого алып келип коет, ал эми жакшы аял анча деле кыйын эмес жодошун элдин астына чыгарып, аны ийгиликтүү мырзага айландыра алат. Ошондуктан мен биринчи планга үй-бүлөмдү коем, учурда үч баланын апасымын.

Жаңылыктар түрмөгү
0