Чүйдө жалгыз бой жана көп балалуу 20 эне үйлүү болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЖизнь и быт в Нарынской области
Жизнь и быт в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан сырткары, ар бир үй-бүлөгө бирден саан уй берилди.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Чүй облусунун Жайыл районунун Полтавка айылында жашаган көп балалуу жана жалгыз бой 20 энеге эки бөлмөлүү үй берилди. Бул тууралуу Ас-салам кайрымдуулук фондунан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, ак өргөлөрдүн ачкычы ар бир аялдын колуна тапшырылды.

"Берилген үйлөрдүн бардыгында күнүмдүк турмушка керектелчү бир сыйра эмеректер бар. Мындан сырткары, атасы жок балдар жок дегенде сүттү бекер ичип турсун деген максатта ар бир үй-бүлөгө бирден саан уй берилди", — деп жазылат маалыматта.

Аталган фонд буга чейин Нарын облусунун төрт миң калкы бар эки айылына таза суу чыгарып берген. Ошондой эле Жалал-Абад облусунун аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 40тан ашууна саан уй тараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0