Москва соту элди тебелетип алган Чыңгыз Анарбек уулунун арызын бүгүн карайт

© Фото / АГН "Москва" / Сергей ВедяшкинСуд над Анарбеком уулу Чынгызом, сбившего пешеходов в центре Москвы
Суд над Анарбеком уулу Чынгызом, сбившего пешеходов в центре Москвы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттук отурум Бишкек убактысы боюнча 12:40ка белгиленген.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Москва шаарынын соту 9-июлда аталган калаада жүргүнчүлөр менен туристтерди коюп кетип, камалган кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулунун арызын карайт. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Соттук отурум Москва убактысы боюнча саат 10.40ка белгиленген.

Встреча торага ЖК Дастанбека Джумабекова с родственниками Чынгыза Анарбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Дастан Жумабеков Москвада кырсыктаган таксисттин үй-бүлөсүнө акча бөлдү
Москва шаардык милициясынын маалыматына караганда, 16-июнда Ильинка көчөсүндөгү 5/2 үйдүн жанында такси жолдон чыгып, тротуарда кетип бара жаткан кишилери койдуруп кеткен. Рулда кыргызстандык жаран Чыңгыз Анарбек уулу болгон. Милиция окуядан жети, ал эми Саламаттык сактоо департаменти сегиз кишинин жабыркагандыгын кабарлаган.

Ал окуядан кийин Москванын Таган райондук соту Москвада жөө элди койдуруп алган кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулун эки айга, 16-августка чейин камакка алган.

Сотто сүйлөгөн Чыңгыз Анарбек уулу күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мындай окуя болуп кеткенине өкүнүп жаткандыгын айткан. Ал такси кызматына карызынан кутулуу үчүн мындан бир ай мурда орношкондугун билдирген. Автоунааны киреге алган.

Таксист бир нече күн эс албай иштеп, окуя болгондо газ менен тормоздун педалын алмаштырып басып алгандыгын айткан. Ал элдин алдында жабырлангандардан жана алардын туугандарынан кечирим сураган.

Россиядагы Кыргызстандын элчилиги мекендешти жактап чыгып, РФтин Кылмыш жаза кодекси боюнча эгерде адам өмүрүнө катуу зыян келбесе, кылмыш иши козголбой тургандыгын жүйө катары келтирген.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен 16-июнда Москва шаарында жол кырсыгынан жабыркаган жарандарды барып көрдү - Sputnik Кыргызстан
Кашкар Жунушалиев Москвада кыргыз таксист сүзгөн бейтаптарды көрдү. Сүрөт
КР дипломаттарынын пикиринде, кармалган жаран административдик тартипте жаза алышы керек. Элчиликтин өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, Анарбек уулун камакка алуунун кереги жок. Эгерде үй камагына алынса, элчилик аны убактылуу баш калкалоочу жай менен камсыз кылууга даярдыгын билдирген.

Тергөө кыргызстандык жаран тергөө абагына киргизилбесе, ал чет өлкөгө качып кетиши мүмкүн деген. Анарбек уулу окуя болгон учурда "топтолгондор аны өлтүрүп коет" деп корккондуктан, качып кетүүгө аракет кылганын түшүндүргөн.

РФтин Кылмыш жаза кодекси боюнча кыргызстандык жаран эки жылга камалып жана айдоочулук күбөлүктөн ажыратылышы мүмкүн.

Таксисттин апасы менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан агенттигинин видеоматериалынан көрө аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0