Международный выставочный центр в Москве

Соцтармак кызыктары: лимузин менен кой ташыгандар

834
(жаңыланган 14:01 12.07.2018)
Sputnik Кыргызстан агенттиги артта калган аптада интернет айдыңында кызуу талкуу жараткан сүрөт, видеолор топтомун сунуштайт.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Негизи Кыргызстанда идеяга бай адамдар көп. Мисалы, бир кыз эч кыйналып-кысталбай туруп үйлүү жана унаалуу болуунун жолун тапса, бир жигит койлорун ары-бери кадимки лимузинге салып ташып жүрөт.

1. Чычкан жеген адам. Facebook тармагынын колдонуучусу чет өлкөлүк жигиттерге турмушка чыксам деп кыялданган кыздардын намысына тийгиси келген окшойт. Тамактануу жайында отуруп, чычкандын балдарын тирүүлөй жеген кытай жигиттин видеосун жарыялап койду эле, элдин баары талкуулап жатып калышты. 

2. Гениалдуу идея. Бул видеону көрсөңүз, бир чети күлүп, бир чети бул арыкты курган адамдардын "акылына" таң бересиз. Интернет колдонуучулар аларды "апендилер, кемчонтойлор" деп урушуп ийишти. 

3. Акылдуу кыз. Кыргызстандык кыз канткенде жанды кыйнабай туруп үйлүү-жайлуу болуп калуунун айласын тапты. Ал "ар бирибиз бир сомдон эле чогултсак, мага үй дагы, машина дагы келип калат экен" деген сунушун жазды эле дароо жигити болгусу келгендер пайда болду. 

4. Өзбек ырчысы "Кыргыз жерин" созгондо… Өзбек ырчысы Мамурахон Хайитмухаммедова кайсы бир иш-чарада Апаз Жайнаковдун "Кыргыз жерин" созолонто ырдап, залда отургандардын купулуна толгон экен. Интернет колдонуучулар дагы алкыш айтып, мактап жаткан кез. 

5. Лимузиндеги койлор. Бул окуя качан, кайсы жерде болгону белгисиз. Бирок Кыргызстандагы эле айылдардын биринде экени көрүнүп турат. Видеонун автору кыргыз тилинде сүйлөп "Эл лимузин менен ЗАГСка барса, бул жакта лимузинде койлор жүрөт" деди таңданды. Айдоочунун ким экени, унаага кантип келип отурганы көрүнбөйт, бирок аягында эшигин тарс жаап, койго толгон темир тулпарды зуулдата айдап кетет. 

6. Тонолгон күйөө бала. Балдыздар үйгө биринчи жолу келген жездеси менен күйөө жолдоштун чөндөгүн аңтарып айласын алты кетирди. Тиги экөө да момоюп турат, баарына макул болуп. Өздөрү деле ушуга даяр болуп келсе керек, ар кайсы чөндөгүнөн акча чыгып жатат. 

7. Өзүнөн биринчи телефонун ойлоп… Курбусун сууга ыргытам деп өзү түшүп кеткен кыздын көлдөн чыга калып, сырттагы кыздарга колун сунгандын ордуна чөнтөк телефонун сунганы көпчүлүктү күлкүгө салды. "Биринчи өзүн ойлобойбу" дегендер болду. Өзү чабак урганды билсе коркунуч жок, телефондо "көп нерсе" бар да. 

8. Интернетке наалат айткан бөбөк. Бул видеодон апасы менен атасынын телефон тиктегенине айласы кеткен наристенин арманын уксаңыз болот. 

834
Белгилер:
күйөө бала, лимузин, арык, социалдык тармак
Тема:
Соцтармактардагы кызыктар (45)
Тема боюнча
Соцтармак кызыктары: жасанган кыз-келиндер Масалиевге эмнесинен жазды
Соцтармак кызыктары: 40 жылдык өткөргөн классташтар, борбордогу сүйүү баяны
Коронавируска анализ алган медик. Архивдик сүрөт

Чүй менен Бишкекте азайбай койду. Коронавирус боюнча соңку маалымат

7
(жаңыланган 10:00 02.12.2020)
Расмий маалымат боюнча, өлкөдө жугуштуу ооруга кабылгандардын саны 74 миңге жакындап бара жатат. Анын тең жарымы айыкты.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстанда соңку суткада 335 киши коронавирус инфекциясын жугузуп алды, ошондой эле 478 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 84;
  • Ош — 28;
  • Чүй облусу — 107;
  • Ош облусу — 35;
  • Талас облусу — 2;
  • Нарын облусу — 15;
  • Ысык-Көл облусу — 25;
  • Жалал-Абад облусу — 17;
  • Баткен облусу — 22.

Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуктургандар 73 513кө жетти.

Акыркы суткада оорудан сакайып чыккандар (пневмонияны эсепке алганда):

  • Бишкек — 113;
  • Ош шаары — 7;
  • Чүй облусу — 100;
  • Ош облусу — 56;
  • Талас облусу — 18;
  • Нарын облусу — 7;
  • Ысык-Көл облусу — 64;
  • Жалал-Абад облусу — 66;
  • Баткен облусу — 47.

Жугуштуу ооруну жеңгендердин жалпы саны 65 189га жетти.

7
Белгилер:
жуктуруу, айыгуу, оору, бейтап, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Коронавирус жуктурган мектеп жашындагы балдар. Статистика
Сооронбаев: сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо өтө кыйын экен
Азык-түлүктүн жарманкеси. Архивдик сүрөт

Бишкекте азык-түлүктүн баасын арзандатуу үчүн жарманкелер ачылат

10
(жаңыланган 09:58 02.12.2020)
Новиковдун айтымында, социалдык маанилүү товарлардын кескин кымбаттап кетиши тургундарды бир топ ыңгайсыз абалга кептеп жатат. Андыктан тез арада абалды жөнгө салуу боюнча аракеттер көрүлүшү керек.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевди кабыл алып, ага калаанын ар бир районунда айыл чарба азыктары сатылчу жарманке ачуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Новиковдун айтымында, социалдык маанилүү товарлардын кескин кымбаттап кетиши тургундарды бир топ ыңгайсыз абалга кептеп жатат. Андыктан тез арада абалды жөнгө салуу боюнча аракеттер көрүлүшү керек.

"Бул үчүн бир жуманын ичинде Бишкектин ар кайсы жерлерине фермерлердин, даяр азык-түлүк өндүргөн ишкерлердин жана ири импортерлордун товарлары сатылган жарманкелер ачылышы керек. Фермерлер менен ишкерлер жарманкеде өз товарларын үстүнө көп акча кошпой, дүң баа менен берүүгө даяр. Ири соода борборлору жарманке үчүн өздөрүнүн аймагынан орун берүүгө макулдугун беришкен", — деди Новиков.

Ал эми Түлөбаев мындай жарманкелерге даярдык жүрүп жатканын жана ага катышууга 200дөй өндүрүүчү макул болгонун билдирди.

10
Белгилер:
азык, жарманке, Бишкек, Артем Новиков, Балбак Түлөбаев
Тема боюнча
Россиянын азык-түлүк жардамын 125 миң кыргызстандык алат
Дарыгер боорго зыяндуу азык-түлүктөрдү атады. Тизме
Табигый үч азык коронавирусту организмден басып коё алат. Иликтөө
Коронавирустан каза болгон бейтап. Архивдик сүрөт

COVID-19: өткөн суткада Бишкек менен Ошто бирден киши көз жумду

0
(жаңыланган 09:59 02.12.2020)
Каза болгон эки жарандын бири Бишкек шаарынын, экинчиси Ош облусунун тургуну болгон. Ушуну менен көз жумгандардын жалпы саны 1 277ге жетти.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирустан эки адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, көз жумгандардын бири Бишкек шаарынын, экинчиси Ош облусунун тургуну болгон.

Ушуну менен көз жумгандардын жалпы саны 1 277ге жетти.

Азыркы тапта ооруканада 2 651 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 119 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.

Ооруканада жаткандар:

  • 27 — канааттандырарлык абалда;
  • 1 794 — орто оор;
  • 711 — оор;
  • 119 — өтө оор абалда.

Ал эми 3 600 бейтаптын медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатканы маалым болду.

0
Белгилер:
статистика, өлүм, коронавирус, Кыргызстан
Тема боюнча
Чүй менен Бишкекте азайбай койду. Коронавирус боюнча соңку маалымат
Биолог: коронавирустун жеңил формасынын да кесепети оор болот