Айтматовдун "Ата-Бейиттеги" эстелиги оңдолот

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагындагы Чыңгыз Айтматовдун мемориалы. Архив
Ата-Бейит тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагындагы Чыңгыз Айтматовдун мемориалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оңдоп-түздөө иштерине 1 миллион 500 миң сом каражат каралган.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагындагы Чыңгыз Айтматовдун эстелигин реставрациялоо июлдун аягында башталат. Бул туурасында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эстелик реконструкциялана турган жайлардын тизмесине кирген. Ага каражат 2018-жылдагы бюджеттен каралган.

Эстеликтин мрамордон жасалган дубалдары, орундуктар, жазуучунун сөөгү жашырылган жердин гранит тосмосунун бир бөлүгү алмаштырылат. Буга 1,5 миллион сом каражат каралган.

Мындан сырткары, 1937-1938-жалдардагы репрессиянын курмандыктары көмүлгөн аймакта оңдоп-түздөө иштери жасалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0