Ооруканадагы бейтап. Архив

Тик учак кырсыгы: жабыркагандардын ичинде Япония жана Польшанын туристтери бар

269
(жаңыланган 09:12 10.07.2018)
Аскер учагы кулаганда жалпы жонунан алты киши жапа чеккен.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө кулаган тик учактан кимдер жабыркаганын КР Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын маалымат кызматы билдирди.

Тик учак. Архивдик сүрөт
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Аба күчтөрүнө таандык учак Түштүк Эңилчек аймагында куткаруу операциясы учурунда капталына ооп калган. Башкы штабдын маалыматы боюнча жабыркаган алты киши Бишкекке алып келинди.  Жабыркагандарга жардам берүү үчүн Казакстандан дагы бир тик учак жөнөтүлгөн. Андан сырткары, Башкы штаб да бир тик учак жөнөткөн.

Жабыркагандардын арасында Япониянын, Польшанын жарандары бар. Андан сырткары, кыргызстандык котормочу жана үч аскер болгон.

Жаракат алгандардын абалы туруктуу.

269
Белгилер:
кырсык, авария, тик учак, Ысык-Көл
Тема боюнча
Ысык-Көлдө тик учактан жабыркагандар Бишкекке алып келинет
Башкы штаб Ми-8 кырсыктаган жерге дагы бир тик учак жөнөттү
Ысык-Көлдө куткаруу операциясына барган тик учак кырсыктады
Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөнов. Архивдик сүрөт

Лукашенко Данияр Үсөновго окшош киши менен жолукту. Сүрөт

5
(жаңыланган 17:09 10.08.2020)
Кадрдан Урицкийге окшогон киши Лукашенкого жана анын айланасындагыларга таякча менен бир макетти түшүндүрүп жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Өзүн Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөновго окшош кишинин Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко менен түшкөн сүрөтү чыкты.

Сүрөт президентти сайты менен РИА Новостиге жарыяланган. Анда Урицкийге окшогон киши Лукашенкого жана анын айланасындагы кишилерге таякча менен бир макетти көрсөтүп түшүндүрүп жатканын көрүүгө болот. 

Мужчина, похожий на беглого премьер-министра КР Данияра Усенова, который сегодня именует себя Даниилом Урицким с президентом Беларуси Александром Лукашенко на встрече в Минской области
Рабочая поездка президента Беларуси Александа Лукашенко в Минскую область

Маалыматта Лукашенко Минск облусуна иш сапары менен барып, Пухович районундагы жогорку технологиялуу агроөнөр жай өндүрүшүн толук циклде уюштуруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышы менен таанышары айтылат. Долбоорду "Белоруссиянын улуттук биотехнологиялык корпорациясы" ишке ашырууда.

ЖМК Бакиевдер менен Урицкийдин Белоруссиядагы миллиондогон бизнестери тууралуу

Өз кезегинде Лукашенко долбоорго жогорку баасын берген.

Курманбек Бакиевдин тушундагы соңку премьер-министр болгон Данияр Үсөнов апрель окуясынан кийин кызматынан кол жууган. 3,5 ай премьерликти аркалап, апрель окуясы боюнча иштерден улам сыртынан соттолгон. Ушул тапта Белоруссияда жашайт, ал жакта Даниил Урицкий ысымы менен жүрөт.

5
Белгилер:
долбоорлор, Сүрөт, Александр Лукашенко, Данияр Үсөнов, Белоруссия
Тема боюнча
Белоруссия Данияр Үсөновду эмнеге кайтарып бербей жатканын түшүндүрдү
Бишкек шаарынын казысы болуп дайындалган Замир Ракиев. Архив

Бишкек шаарынын казысы болуп Замир Ракыев дайындалды

5
(жаңыланган 17:08 10.08.2020)
Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругу менен дайындалган шаардын жаңы казысы бүгүн казыяттын жамаатына тааныштырылды.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын казысы болуп Замир каары Ракыев дайындалды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругу менен дайындалган шаардын казысы бүгүн жамаатка тааныштырылды.

"Муфтий Бишкек шаардык казыятынын жалпы эмгек жамааты менен жолугуп, казыяттын ишмердүүлүгү жоопкерчиликтүү экендигин баса белгилеп, жаңы дайындалган Бишкек шаарынын мусулмандар казысынын ишине ийгилик каалады", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын казыятын буга чейин Садриддин Маджитов жетектеп келген. Ал 10-июлда оорудан улам каза болгон.

Ош облусун Жылкыбаевдин орун басары Юсупов жетектеп турмай болду

Шаарга жаңы дайындалган Замир каары Ракыев 1978-жылдын 15-февралында Нарын облусунун Кочкор района караштуу Шамшы айылында төрөлгөн.

5
Белгилер:
Замир Ракиев, Муфтий, дайындоо, Бишкек казыят
Тема боюнча
Бишкектин Ленин районуна жаңы аким келди