"Өлдү" деп балп эте көрбөңүз... Адамдын каза болгонун кантип туура айтуу керек?

Жазылуу
Кыргызда илгертеден турмуштук жагдайларды түз айтпай, каймана мааниде кыйытып, абалды жумшартып жеткирүү маданияты калыптанган.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Бүгүнкү "Тибиртке" рубрикасын жазууга филолог Ишенбек Султаналиев көмөк көрсөттү.

Торжественное мероприятие, посвященное 220-летию Тайлак-баатыра - Sputnik Кыргызстан
Ултаң, кырмызы, чукак... Эски сөздүн эбин таба аласызбы?
Кыргыз элинде турмуштук жагдайларды түз айтпай, каймана мааниде кыйытып, абалды жумшартып жеткирүү маданияты калыптанган. Бул жакшылык менен жамандыкта өзгөчө сезилет. Айрыкча оор жоготууларды кесе айтпай, алыстан кеп баштап, жубатып, анан угузган. Мындай кадам адамды психологиялык жактан даярдап, канчалык оор болсо да тагдырдын башка салганын көтөрүүгө, жашоо мыйзамына баш ийүүгө аргасыз кылса, экинчи жагынан маркумга карата болгон сый-урмат болуп саналат.

Кошок кошпосок да "өлдү" деген сөздү бир нече вариант менен жеткирүүгө мүмкүн.

Жаш балдарга карата:

Чарчап калды;

Учуп кетти.

Жалпы мааниде колдонулган сөздөр:

Каза болду;

Каза тапты;

Өтүп кетти;

Узап кетти;

Ажал тапты;

Көзү өттү;

Көз жумду;

Кете берди;

Дүйнө салды;

Набыт болду;

Мерт кетти;

Түбөлүккө кетти;

Таштап кетти;

Кош айтышты;

Кайтыш болду;

Курман болду;

Жан берди;

Акыркы сапарга кетти;

О дүйнөгө кайтты;

Тиги дүйнөгө сапар тартты;

Жан таслим болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0