УКМК: камактагы депутат Осмонбек Артыкбаев ооруканага жаткырылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясатчы Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык иштердин алкагында кармалган.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин камактагы депутаты Осмонбек Артыкбаев ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Артыкбаев Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык иштердин алкагында кармалган. Кийин аны тергөө аяктагыча камакта калтырышкан.

"Артыкбаев атайлаштырылган клиникага жеткирилди. Азырынча эмнеси ооруп жатканын айта албайбыз", — деп айтылат билдирүүдө.

Ушул эле кылмыш иштин алкагында өлкөнүн мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаков жана Улукттук энегохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев дагы абакта отурат.

Жаңылыктар түрмөгү
0