Эркек киши көрбөйт! Кыздын себине байланыштуу 5 "болбойт"

Жазылуу
Турмушка чыккан кыз себи менен көрктүү. Илгертен келе жаткан сеп берүү каадасы бүгүнкү күнү деле күчүн жогото элек. Анын үстүнө ата-эненин кызга болгон камкордугу мезгилге, замандын оош-кыйышына баш ийбейт эмеспи.

Кызга берилчү сеп кандай болуш керек жана кааданын кандай эрежелери бар? Sputnik Кыргызстан агенттиги көптү билген байбичелерге кайрылып көрдү.

Кызды сепсиз күйөөгө узатпайт. Ар бир кыздын төркүнү септи өз мүмкүнчүлүгүнө жараша берет. Оокат-кечеси менен сеп бере албагандар жок дегенде жууркан-төшөгүн белендегени жакшы. Аны "эки төшөк, бир жууркан" деп коюшат. Антпесе кыздын энесинин дарегине ар кандай кептер айтылышы мүмкүн. "Септи 6 жашында даярдасаң ашырасың, 7 жаштан камдасаң жеткиресиң" деген кеп бекеринен айтылып калбаса керек.

Празднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых - Sputnik Кыргызстан
Калың каадасы: Кытай, Түркиядагы кыргыз кыздарынын "баасы" канча
Көшөгөсүз сеп болбойт. Баалуу кездемеден, четтерине сайма түшүрүлүп, аземдеп тигилген көшөгө кыздын төшөнчүсү менен кошо берилет. Көшөгөнү экиге бөлүп берген туура эмес. Мурда жаңы бүлө экиге бөлүнбөсүн деген тилек менен көшөгөнү бүтүн берген. Септин ичинде көшөгөдөн сырткары сөзсүз түрдө кыздын бир сыйра кийим-кечеси, азем буюмдары салынган сандыгы, шырдагы, идиш-аягы болушу шарт.

Төшөк, жууркан, жер төшөк аз берилбейт. Жууркан-төшөк кем дегенде 10дон өйдө берилип жүрөт. Көп берилген себеби баланын апасы кээде туугандарына, эки жаштын өкүл апасына жууркан же төшөк ыроолойт. Ошондой эле түштүк тарапта жууркан-төшөк жуп-жубу менен берилсе, түндүк тарапта так санда берилип жүргөнү байкалат. Азыр айрым адамдар куда-кудагыйына деп да өзүнчө жууркан алып барып жүргөнүн кездештирүүгө болот.

Септи көрүп жатканда ал бөлмөгө эркек киши кирбейт. Септи кыз жана бала жактан кыз-кыркын, байбичелер гана чогулуп көрөт.

Септи ачкандарды куру кол калтырбайт. Септи келин алган тарапка кыздын жеңелеринин бири көрсөтөт. Бул учурда кудагыйлар өз каадасын кылып "сеп көрдү" деп жеңесине көрүндүк берет. Оокат-кече көрсөтүлгөндөн кийин атайын даярдалып келген чачыла чачылып, жакшы каалоо-тилектер айтылат. Мындан сырткары, сандык, кешиктин ичине ачкан келинге деп бирден жоолук ырымдап салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0