Түркияда жол кырсыгынан эки буту сынган кыргызстандык аял түрк жаранынын үйүндө

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүАнкара шаары. Архив
Анкара шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы июнь айынын башында болгон.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Түркиянын борбору Анкара шаарында 5-июнда жол кырсыгына кабылып эки буту тең сынган Н.Э. аттуу кыргызстандык аял дагы деле мекенине кайтып келе элек. Бул тууралуу Sputnik агенттигине келиндин жолдошу билдирди.

Анын айтымында, аялын Анкарага баргандан кийин бир жумага жетпей машина коюп кетип, эки буту тең сынган.

"Бир бутуна операция жасалгандан кийин аялымды сүзгөн тарап үйүнө чыгарып кеткен. Дарыгерлер 10 күндөн кийин келгиле дешиптир, бирок он күн өткөндөн кийин ооруканага алып барышкан эмес. Азыр жубайым түрк жаранынын үйүндө. Аялымдын бир бутунун сөөгү майдаланып кетиптир, аны сүзгөн бала 20 жашта экен", — деди жабырлануучунун күйөөсү.

Ал ошондой эле ага түрк тарап билет алып беребиз деп айтып, бирок аны аткарбаганын кошумчалады.

Сход с рельсов пассажирского поезда на северо-западе Турции - Sputnik Кыргызстан
Түркияда жүргүнчү ташыган поезд рельстен чыгып 10 киши каза болду
"Кырсык болгондон кийин мен ал жакка барайын дегем. Түрк тарап билет алып бермей болгон. Мен машинамды күрөөгө коюп, жалпы жарандык паспорт жасаткам. Бирок кийин алар билет сатып бербей турган болуп калды. Балдарымды Казакстандагы агамдыкынан алып келейин деп келдим. Билет алып беришсе дароо аялымдын жанына барам", — деди ал.

Түркияда кырсыктаган аялдын Кыргызстанда төрт баласы калган. Алардын улуусу 3-класс болсо, экинчиси быйыл 1-класска барат. Калгандары эки, анан үч жашта. Күйөөсү келинчеги бир аз тыгынчык болсун деп Түркияга жайында үч айга барып иштеп келүүнү чечкенин кошумчалады.

Ал эми Кыргызстандын Анкара шаарындагы консулу Чыңгыз Абдрахманов кырсык болгон күндүн эртеси элчинин жардамчысы барып жабырлануучудан кабар алганын айтты.

"Кырсыктаган КР жараны менен барып жолугушкан. Окуя боюнча полицияга арыз жазылган, учурда каралып жатат. Андан сырткары, кыргыздардын Түркиядагы коому да котормо жагынан жардам берүүдө. Ушул дүйшөмбү күнү ооруканага алып барышмак. Дайыма байланыштабыз", — деди Абдрахманов.

Эркек адамдын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркияда 34 жаштагы кыргызстандык жаран мерт болду
КР жаранын сүзүп алды деген түрк жаранынын тууганы Мухамед кырсыктаган аялды жуманын башында ооруканага алып барышканын Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

"Шейшембиде ооруканага алып бардык. Дарыгерлер карап, бир жумадай баспай турсун деди. Андан кийин бир бутуна басса болорун айтышты. Дагы бир аптадан соң экинчи буту менен баса алат деп жатышат. Бир жумадан кийин ооруканага кайта барабыз", — деди Мухамед.

Ал ошондой эле жупуну жашарын айтып, жабыркаган кыргызстандык аялды Анталия шаарында жашаган апасы келип карап жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0